Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Амирбек Усманов, Прага Казакстандын саясый байтагы Алматыдан Астанага көчкөнүнүн 10 жылдыгы чоң шаан-шөкөттөр менен белгиленди. Салтанатка чет мамлекеттердин башчылары да катышты. Президент Нурсулатан Назарбаевдин айтышынча, мурдакы Акмоло шаарынын кыска мөөнөттө адеми ордо калаага айлануусу- Казакстандын күнкорсуз мамлекет катары калыптануусундагы чоң бир жышаананы чагылдырат.

«Ар бир мамлекеттин өз символу болот. Аны эстегенде жарандардын жүрөгү ылдам сого баштайт жана сыймыктануу сезими пайда болот. Биз үчүн Астана ушундай символ», деди Нурсултан Назарбаев 5- июлда Президент сарайындагы салтанатта сүйлөп.

Казакстандын мамлекет катары түптөлүүсүндөгү Астананын саясый маанисин даңазалоо үчүн 6-июль улуттук майрам деп жарыяланды. Салтантка сырт өлкөлөрдөн көптөгөн мартабалуу коноктор келди.

Астананын 10 жылдык мааракесин утурлай шаардын эн белгиси жаңыланды. Шаардын ортосундагы Байтерек мунарасы жана боз үйдүн түндүгү түшүрүлгөн гербди, кабарларга караганда, Назарбаев өзү ойлоп тапкан.

Бир тутам буудай жана сепилдин сүрөтү бар эски герб- мурдакы Россия оторчулугун эске салгандыктан алмаштырылды, дейт Астананын мэри Имангали Тасмагамбетов.

6-июлда Назарбаев ак мармардан жасалган «Казак эли» монументи ачты. Учуна алтын бүркүт кондурулган 91 метрлик мамы Казакстан Москвадан күнкорсуздук алган жылды билдирет. 6- июлда Назарбаев да 68 жашка толду. Ушундан улам Назарбаев Астананын маарекесине жамынып, туулган күнүн чоң шаан- шөкөттөр менен өткөрдү деп сындагандар да болду.

Кыска аралыкта мурдакы провинциалдык шаардын архитектурасы кооз, заманбап борборго айланганы маарекеге келген коноктор да суктана белгилешти. Россиянын президенти Дмитрий Медведев «Нурсултан Назарбаевдин Астанага эмгегин гана сарптабастан, өз жүрөгүн да бергенин» айтса, Азербайжандан келген илимпоз- архитектор Эмил Ахундов: «Улуу адамдын тобокелдүү кадамы чоң дөөлөттү жаратканын мен ушул жерде түшүндүм», дейт «Азаттыктын» кабарчысы Данабек Жалмырзага берген интервьюда.

Астанадагы өкмөттүку жана маданий имараттарды курууга белгилүү чет элдик архитекторлор да тартылган. Жаңы борборду курууга канча акча жумшалганы жөнүндө так маалымат жок. Бирок, Назарбаев үстүбүздөгү жылы бир ирет ордо калааны курууга 8 миллиард доллар сарпталганын, анын 70 процентин жеке инвесторлор салганын айткан. Былтыр Назарбаев 12 миллиард долларга кеткенин айткан болчу.

Атактуу казак акыны Олжас Сулейманов Казакстанды дүйнөгө тааныткан жаңы борбордун автору- президент Назарбаев деп санайт:

- Борборубуз бүткүл ааламга элибизди таанытып, улут рухунун символу болууда. Мындай шаар, мындай калаа ыр сыяктуу жазылат. Ар бир журттун, ар бир үлкөн китептин авторлору бар. Бул калаанын да автору белгилүү.

Астананын 10 жылдык маарекесин чоң шаан- шөкөт менен өткөрүүнү казак жаз-уучусу Бексултан Нуржакеев туура чечим болду, анткени, той эл-журттун жетишкендиктерин даңазалайт деген пикирде.

- Кез келген тойго эл катышат, коноктор келет. Той бир жагынан жарнама: элиңди көрсөтөт, жериңди, маданиятыңды, канчалык өскөнүңдү, канчалык мамлекет болгонуңду көрсөтөт. Шондуктан, тойдун эч кандай зыяны болбойт. Ар бир эл той берет. Казактар тойго өзгөчө маани беришет. Бир жердин кубанычын той аркылуу көрсөтөт. Элдин, мамлекеттин, тууган жердин тойу- кубаныч го. Аны мактоо керек.
XS
SM
MD
LG