Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:40

17:15 И. Карыпбеков: “Де факто” гезитине байланыштуу соттук териштирүү адилет болот деген үмүт бар


Медиа өкүл И.Карыпбековдун айтымында, айыпталып жаткандар мунапыска илинүүгө аракет кылбастан, толугу менен акталууга аракет кылышы керек. Себеби мунапыска илингени же мунапыс менен бошогону менен журналист соттолду деп эсептелет, дейт медиаөкүл. Илим Карыпбеков соттук териштирүү акыйкат болуп, журналисттер акталып чыгат, же аларга тагылып жаткан айып боюнча берене башка беренелерге которулат деген чоң үмүтү бар экенин белгиледи. Кылмыш-жаза кодексинде бул айып боюнча эки жылга эркинен ажыратуу каралган. Адвокат Нина Зоотова айыпталуучулар мунапыска туура келиши ыктымал деп билдирген. “Де факто” гезитине каршы козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, прокуратурага жиберилгени кечээ маалым болгон. Эми прокуратура органдары тергөө канчалык мыйзамдуу өткөндүгү тууралуу жана айыптоо үчүн далилдер толук экенин текшерип ишти кароону сотко жөнөтөт. Өз кезегинде Медиа өкүлчүлүгү бул иш боюнча өз мониторингин жүргүзүп турмакчы. “Де факто” гезтитине кылмыш иши аталган гезиттин 12-июндагы санына жарыяланган Замира Молдоева аттуу тургундун макаласынан улам козголгон. Макалада шаардагы салык кызматындагы коррупция тууралуу кеп болгон.(MSu)

XS
SM
MD
LG