Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:54

ТАЛАС ШААРЫНЫН ИЧИНДЕ КҮЙДҮРГҮ ДАРТЫ КӨМҮЛГӨН ЖЕР БАР


Талас шаарында күйдүргү дарты көмүлгөн жер шаардын ичинде жайгашкан. Анын жанындагы көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан булганыч суулар ошол күйдүргү көмүлгөн жердин жанынан агып өтүп, элге коркунуч туудурууда. Ал эми буга тиешеси бар адистердин айтымында, алар тараптан ал жер катуу көзөмөлдө турат.

1949-жылы ошол кездеги ветеринардык кызматкерлер Талас шаарынын күн чыгыш жагына күйдүргү менен ооруган ири малды көмүшкөн. Кийин Талас шаары кеңейип, анын тегерегине тамдар курула башталды. Азыр ал жер узуун Степная көчөсү болуп калган. Баарынан таң калыштуусу 60-жылдары ошол күйдүргү көмүлгөн жердин түбүнө өкмөт тараптан эки кабаттуу, көп бүлө жашоочу үй курулган. Ал үйлөрдүн азыркы тапта эскилиги жетип, андан чыккан жаман суулар сыртка агып, арык менен ошол күйдүргү көмүлгөн жердин жанынан агып өтөт. Бул жаман суу бир учурда ошол сибирь жарасы көмүлгөн жерге кирчи, дейт Талас шаарынын тургуну, пенсиядагы Базаркүл Чурмукова. Анын айтымында алар бир топ ирет бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, бирок азыркы учурга чейин эч натыйжа чыкпай келгенин “Азаттыкка” билдирди:

- Көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан жаман сууларды биз арыка салып койдук. Эми арык менен бизден төмөнкүлөрдүн баары суу ичет. Анан бул арык чоң каналга куят. Ал каналдан балдар суу ичишип, түшүшүп жатат. Эми ошо балдарга дагы жугабы деген кеп да.

Талас шаардык санитардык эпидемиялык станциясынын кызматкери Кубанычбек Аманбеков күйдүргү көмүлгөн бул жер алар тарапан катуу көзөмөлдө турганын айтып, 1950-60-жылдары архитектор, курулушчулардын кетирген кемчиликери деп түшүндүрдү:

- Бул 49-жылы бир уйдун өлүгү көмүлгөн экен. Анан жанагы квартал болсо ал кийинирек курулган нерсе. Анан ошол туштагы архитектуранын шаалакылыгынан, эч ким менен макулдашпай ошол кварталды курууга уруксат берип койгон. Негизи таза болбосо 50 метр нарагыраак болуш керек эле. Ал жер болсо болгону 30 метрди түзөт. Башынан кеткен күнөө ошол.

Талас аймактык ветеринария бөлүмүнүн жетекчиси Айдарбек Жоробеков бир жылда эки ирет аталган жерди хлор менен дизинфекциялап жаткандарын айтып, ошол күйдүргү шаардын ичинде болуп калганынын себебин төмөнкүчө айып берди:

- 49-жылдары бул шаардан 3 км. алыстыкта турган жер болчу. Себеби уй өлгөн жерден аны ары, бери жакка ташыганга болбойт. Ошол жерге көмүлүп туруп жанагыдай инструкциянын негизинде иш жүргөн.

Жоробековдун айтымында бир учурда бул күйдүргү көмүлгөн жерге там курабыз деп уруксат сураган да адамдар болуптур:

- Бул жерге уруксат бергиле, биз бул жердин тегерегине там салабыз деп келишкенинен биз уруксат берген жокпуз, жок инструкциянын негизинде бул жерге там салууга болбойт деп. Ал эми жанындагы тамдарга болсо мурунураак уруксат берилип калыптыр.

Талас облусу боюнча 15 ушундай күйдүргү көмүлгөн жер бар. Эң акыркы күйдүргү 1982-жылы Карабуура районуна караштуу Сулумаймак айылында чыккан.

XS
SM
MD
LG