Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

НИСКАНЕН: АКШ ӨКМӨТҮ МОНЕТАРДЫК КРИЗИСТИ ЖӨНДӨШ КЕРЕК


Амирбек Усманов, Прага АКШ президенти Жорж Буш Чоң Сегиздин лидерлеринин Япониядагы жыйыны учурунда доллардын кубаттанышын кааларын билдирди. Дүйнөлүк акча эсептелген АКШ долларынын наркын түшүрбөй кармоо үчүн өнөр жайы өнүккөн өлкөлөр кандай жардам бере алат? Бул жөнүндө Кошмо Штаттардын 1980- жылдардагы президенти Рональд Рейгандык экономика боюнча кеңешчиси Уильям Нисканен «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун Вашингтондогу кабарчысы Андрю Туллиге интервью берди.

Уильям Нисканен доллардын кунун жоготуусунун негизги себебин АКШ өкмөтүнүн ашыкча карызы менен байланыштуу деп түшүнөт:

- Доллардын арзандоосунун негизги себеби- АКШ өкмөтүнүн карызы 600 миллиард доллар болуп кеткенинде.

Илимпоз доллардын арзандашына инфляция да салым кошту деген пикирге кошула бербейт:

- Адамдар адегенде АКШдагы инфляциянын деңгээлин долларга салыштымалуу кымбаттаган акчалардын индекси менен салыштырып көрүшөт. Бул жагынан алганда, өткөн жылдары доллардын арзандашына инфляция көп деле таасир этпеди. Проблема монетардык саясатка караганда бюджеттин балансына көбүрөөк байланышкан сыяктуу.

Чоң Сегизге кирген өлкөлөр доллар кубаттуу болуусун кааласа, кантип жардам бериши мүмкүн?

- Алар Американын баалуу кагаздарын же продукциясын көбүрөөк сатып алса болот. Ушу тапта чет өлкөлөрдүн борбордук банктары АКШнын финансы министрлигинин баалуу кагаздарынын ордуна АКШнын менчик компанияларынын баалуу кагаздарын сатып алууга өтүштү. Бул өтө сонун. Себеби, менчик баалуу кагаздар өкмөттүн баалуу кагаздарына караганда бир кыйла көп. Маселе, Кошмо штттардын өзүндө өкмөттүн карызын азайтуу, менчик акча сактоону көбөйтүү аркылуу жөндөлүшү абзел. Биздин өкмөттүн карызы өтө эле көп болуп кетти. Федералдык карыз азыр 400 миллиард долларга жетти жана токтобой өсүүдө. Буга быйыл Конгресс да өз салымын кошту. Биздин үй- бүлөлөрдө жыйнаган акчасы дээрлик жок.

АКШ өкмөтүнүн карызынын өсүшүнө алып барган бюджеттик тартыштыкка эмне себеп болду? Буштун администрациясынын чыгымдарды көбөйтүшү, дейт Нисканен:

- Буштун администрациясынын тушунда жылдык чыгым кирешеге караганда 500 миллиард долларга өстү. Буш бийликке келгенде, казынадат 100 миллион доллар ашык акча болсо, азыр дефицит- 400 миллиард доллар. Бул 2001- жылкы салыкты кыскартуунун, ошондой эле өкмөттүк чыгымдардын ылдам көбөйүүсүнүн натыйжасы. Чыгымдар быйыл азайбайт. Кыймылсыз турак жай базарында акчасын жоготкон адамдарды колдогон бардык программалар чыгымдарды дагы көбөйтөт.

АКШ долларынын арзандашы айрым бир учурларда башка бир өлкөлөрдүн акчасынын кымбатташына түрткү берген жокпу? Европанын борбордук банктары долларга жардам берүү үчүн улуттук акчалардын наркын өзгөртпөйбү?

- Евроблоктун өзүндө да чоң айрыма бар. Евромейкиндикке кирген кээ бир өлкөлөр монетардык саясатты мурдакыдай бекем кармоону каалашпайт. Франция, мисалы, монетардык саясатын жеңилдеткиси келсе, башка өлкөлөр монетрдык саясатын катуулатууну каалайт. Бул Европанын экономикалык өсүүсүнө чоң огожо болот.

Кошмо Штатары экономикадагы мындай туңгуюктан чыгуу үчүн эмне кылыш керек? деген суроого Уильям Нисканен мындай жообун айтты:

- Проблема - биздин саясый системанын доллар же өкмөттүн пенсия жана саламаттыкты сактоо программасы сыяктуу орчундуу маселелерге эмес, өтө кыска мөөнөттүк иштерди чечкенге ыңгайлашып алганында болууда. Ошон үчүн турак жай базарында акчасын жоготкон адамдарды колдоо же башка күнүмдүк иштерди бүткөрүү үчүн жанагы маанилүү маселелерге көңүл бурбай жатат. Биздин саясый система маңдайынан алыска карабайт. Президент Клинтондун администрациясы бийликте турган экинчи төрт жылынын үч жылын бюджетти баланстоого же казынадагы акчаны артырууга жумшады. Булөтө катаал жумуш. Айрыкча, бюджеттик тартыштык 400 же 500 миллиард болуп турган учурда, саясый систамынын бюджетти баланстоосу абдан кыйын. Анткени, бизде фискалдык саясат боюнча эч кандай жоопкерчилик сезим жок.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG