Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:31

Франциянын энергетикалык ири компаниясы – Тотал (Total) Ирандын Түштүк Парс газ кенин иштетүү долбоорунан чыгуу чечимине келгенин жарыялады. Муну менен аталган газ кенин өздөштүрүү бир нече жылга токточудай. Француз компаниясынын кетиши ошондой эле Иран экономикасына жана энергетикалык индустриясына урулган дагы бир сокку катары каралууда.

Тоталдын аткаруучу директору Кристоф де Маржери (Christophe de Margerie) британдык "Файненшл Таймс" гезитиндеги маегинде компаниясынын чечимин Иранга инвестиция салуу "саясий жактан өтө эле опурталдуу" экендиги менен түшүндүргөн. Мындай жарыя талаштуу өзөктүк программага байланыштуу АКШ менен Ирандын тирешүүсү күчөп турган учурда жасалууда.

Андыктан француз компаниясынын Ирандан кетишин көпчүлүк Вашингтондун өнөктөштөр менен дүйнөнүн каржы жамаатын Иран менен иштебөөгө ынандыруу саясатынын жеңиши катары караштырып жатат. Соңку айларда эле Европанын бир нече ири банктары Иран менен иштебөөгө макул болду. Ушундан улам Тотал компаниясынын чечимин бир жагынан ири банктардан колдоо жок шартта Иранда иштөө кыйын экендигине байланыштырууга болот.

Шахин Фатеми - Иран экономикасы боюнча эксперт. Ал "Азаттык жана Эркин Еврропа" радиосунун перси кызматы – Фарда радиосундагы маегинде белгилегендей, француз компаниясынын кетиши Ирандын улуттук кызыкчылыктары үчүн зыян:

- Натыйжада башка энергетикалык компаниялар да Иранга инвестиция салууда олку-солку болот. Мындан улам Ирандын энергетикалык индустриясы жаңы технологиядан, мунай кендерин иштетүү боюнча башка мүмкүнчүлүктөрдөн куржалак калат. Акыр аягында Иран дүйнөнүн ири мунай экспорттоочуларынын бири деген позициясын жоготот.

Айтор, Тоталдын кетиши менен Иран ага инвестиция салууга ийги болуп жүргөн Батыштын ири энергетикалык компанияларынын акыркысынан айрылды окшойт. Вашингтон менен Тегеран ортосундагы саясий тирештен улам буга чейин ушундай эле кадамга Британиянын "Бритиш Петролиум", Италиянын "Ени" компаниялары да барган.

Ирандык экономисттердин айтымында, президент Махмуд Ахмадинеджаддын амбициясы өлкөнү огобетер изоляцияга түртүп, экономикага зыян келтирүүдө.

Өлкөсү энергия ресурстарга бай, газ корлору жагынан дүйнөдө экинчи орунда турганына карабай, мунай менен газдын баасы асмандап жаткан шартта ирандыктар жумушсуздук, күчөгөн инфляция өңдүү көйгөйлөрдү баштан кечирүүдө.

Тегерандын Соода жана өнөр жай палатасынын мурдагы башчысы Мохаммад Реза Бехзадиан жагдайды мындайча мүнөздөйт:

- Бүгүн биздин эл Ислам революциясынан берки эң начар экономикалык абалга кабылды. Кырдаал Саддам Хуссеиндин тушунда Ирак менен болгон сегиз жылдык согуш мезгилиндегиден да начар.

Расмий маалыматка караганда, жумушсуздук азыр Иранда 8-10%дын тегерегинде. Инфляция 25%дан ашып өткөн. Анткен менен экономисттердин эсебинде, жумушсуздук деңгээли 20%дан көп, инфляция бери дегенде 40%га жетти.

Ирандын өзүнүн айтымында, ал энергия тармагын өркүндөтүп, газа жана мунай экспортун олуттуу көбөйтүш үчүн 100 миллиард долларга чейинки инвестицияга муктаж. Батыштын ири компанияларысыз Иран жакынкы аралыкта мынчалык акчаны таба алары күмөндүүдөй.

Себеби, буга чейин киргизилген санкциялардын айынан өлкө Батыштын жаңы технологияларын мунай гана эмес, башка секторлору үчүн да сатып алалбайт. Мисалы "Boeing" же "Airbus" өңдүү учактарга жете албагандыктан Орусиянын эски учактарын колдонууга мажбур.

Анткен менен Ирандын мунай министри Голамхосеин Нозари өлкөсү Түштүк Парс газ кенин француз компаниясы жок деле өздөштүрүүнү улантарын эскертти.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG