Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:00

Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Акыйкатчы Турсунбек Акун, “жергиликтүү тургундардын арыз-муңун укпай, көңүл бурбай келетышат” деген жүйө менен Ысык-Көлдөгү айрым чиновниктерге чара көрүү керектигин айтып президентке кайрылды. “Азаттыктын” таңкы түз обосунда болгон Акыйкатчы, ушул жана адам укуктарына байланышкан башка маселелер тууралуу айтып берди.

- Сиз кечээ Ысык-Көл облусунун жетекчилигин кызматтан алууну сурап президентке кайрылдыңыз эле. Ушул тууралуу айтып өтсөңүз?

- “Азаттык” аркылуу деле элге белгилүү болгондой төрт айга чукул убакыттан бери Ысык-Көл облусунун Чолпоната шаарындагы “Эл нуру” деген базардын ээлери президентке, акыйкатчыга кайрылып, өзүнүн базарларын ачып берүү талаптарын коюшкан. Анткени, жергиликтүү чоңдор өзүлөрүнө жаңы базар куруп алышып, ал базарга эл барбай койгондо эски базарды күч менен мыйзамсыз жаап, аларды көчүрүп, катуу чараларга барган. Ага макул болбогон карапайым эл бизге, бийликке чейин келген. Мына ушундан улам сотко беришти, соттон да жеңип алды. Бардык мыйзамдуу аракеттер турса дагы бул базар ачылбай, элдер ачкачылык жарыялап, жол тосуп, боюнда бар аялдарды алар катуу кысымга алгандыктан, төрт айдан бери ушул маселе чечилген жок. Бишкекке чейин келишти, пикет кылды, биз жардам бердик. Анан айласыздан жергиликтүү бийликтер президенттин өкүлү катары чечпегендиктен мен Ысыккөл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаевге, Ысык-Көл районунун акими Мансуровго жана шаардын башчысы Насридиновго чара көрүү боюнча атайын президентке кайрылдым, кечээ атайын журналисттерге жыйын өткөрдүм.

- Бүгүн кыйноолорго каршы тегерек үстөл өтөт экен. Ошого да токтоло кетсеңиз?

- Өзүңөр билесиңер өткөн убактарда ушул эле жылдары Жогорку Кеңеш тарабынан кыйноого каршы факультетинин протоколу деген бар, ООН тарабынан кабыл алынган. Ошону КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан биринчи жолу ратификация кылып, аны бекитсе, президент дагы ага кол койду. Анан ошол документтер ООНго, Женевага жиберилип, ал жактан бекип келди. Эми ошол кыйноого каршы факультативдик протоколду кантип иш жүзүнө киргизүү боюнча механизимдерин иштеп чыгыш керек. Мына ошолорду ишке киргизүү боюнча БУУнун адам укугу боюнча бизге атайын кеңсеси ачылган, ошону менен бирдикте бүгүн “Ак кемеде” чоң жыйын өткөрүп атабыз. Буга бүткүл министрликтерден, ведомстволордон, укук коргоо органдарынан, КГБ, МВДдан жана МИДден келишет. Кантип ошондой механизмдерди ишке киргизе алабыз, кыйноону кантип токтото алабыз, дүйнөлүк аренада кантип биз гумандуулукту орното алабыз деген чоң талкуу болот. Жай аптабына карабастан Акыйкатчы институту менен бирдикте Адам укугу боюнча жогорку комиссариат ушул талкууну уюштуруп атат.

- Адам укугу боюнча сөз болуп калгандан кийин, менин кезекте мындай суроом бар эле. Ушул тапта адам укугу боюнча Кыргызстанда абал кандай деп баалайт элеңиз Акыйкатчы катары?

- Акыркы Конституциялык соттун чечимине чейин Бишкек шаардык кеңешинин токтомун алып салганга чейин адам укугундагы абал бир топ артка кеткен учурлар болгон, ошондой тенденциялар жүргөн. Бирок Конституциялык соттун чечиминен кийин азыр өлкөдөгү адам укугу боюнча иштегендер, деги эле элдер кеңири дем ала баштады. Азыр кандай болсо дагы пикет, жыйындарды өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Андан тышкары биз И.Масалиев иштеп чыккан мыйзамга дагы кол койбосун деп президентке кайрылып атабыз. Кандайдыр бир оңолуу процесси жүрүп атат.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG