Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:56

18:30 Жалалабатта коммунист депутаттар эл менен жолугушту


Бишкекте 2006-2007-жылдары күзүндө болгон саясий акциялар өлкө бүтүндүгүнө коркунуч туудурган. Ошондуктан митинг, пикеттер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргени жөндүү. Саясий партиялар мыйзамына кол коюлса, парламенттик эмки шайлоого 10-15 партия калат. Партияны он киши менен да түзсө болот, бирок, 200дөн кем мүчөлүү партияны республикалык деп атоо туура эмес. Ушундай жана менчиктештирүүгө каршы пикирин Компартиянын депутат башчысы Исхак Масалиев кесиптеши Бумайрам Мамасеитова экөө эл менен жолугушканда билдирди. Анын айтымында экс президент Аскар Акаев Мекенине коркпой келе берсе болот, ага кылмыш иши козголгон эмес. Ал өлкөнү таштап кеткени үчүн эмес, советтик коомду 14 жылда жок кылганы үчүн жооптуу деди Масалиев. Коомчулук өкүлдөрү маяна, пенсия, жөлөк пул акыларын көбөйтүү, күйүүчү майлардын кымбаттыгы, агрардык саясатты иштеп чыгуу, жайлоолорду туура пайдалануу маселесин президентке жеткирүүнү жана күзгү сессияга алып чыгууну ага тапшырышты. (YA)

XS
SM
MD
LG