Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:23

18:35 Акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн бир топ кызматкерлери жетекчисине нааразы


Акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн бир топ кызматкерлери парламент төрагасы Айтибай Тагаевге жолдогон Кайрылуусунда: «Акыйкатчы Турсунбек Акун мурунку кесиптеши Турсунбай Бакир уулунун колунда иштегендердин артынан сая түшүп, жок кылуу максатында штаттарды атайылап кыскартып, көбүбүздү жумуштан негизсиз бошотту. Мындай мыйзамсыз аракет Кыргызстандын эл аралык аброюна көлөкө түшүрүүдө. Ошондуктан, тепселген укуктарыбызды калыбынга келтирүүгө жардамдашууңузду суранабыз!» деп айтылат. Акыйкатчынын орун басары Таалайбек Кошоков аймактар менен байланыш начардыгын, бирок, нааразычылыктарды угуп жаткандыгын айтып, антсе да, кызматкерлерди кеңешип-таңашпай жумушка алуу же бошотуу Турсунбек Акундун мыйзамдуу укугу экендигин кошумчалады. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG