Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

Улуттар уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясынын факультативдик протоколуна Кыргызстан ушул жылдын жазында кошулду. Өлкөнүн өзүнө алган милдеттерин жүзөгө ашырыш үчүн мыйзамдык негизде биртоп маселелер, анын ичинде Улуттук алдын-алуу механизми ишке киргизилиши керек.

Парламент ушул жылдын 5-апрелинде Улуттар уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясынын факультативдик протоколуна кошулуу жөнүндө мыйзам кабыл алгандан кийин өлкө өзүнө алган милдеттерди ишке ашыруу аракетине киришти. Улуттук алдын-алуу механизми мына ушул максат-милдеттерди жүзөгө ашырчу институт.

Акыйкатчы алдында бюро мүчөлөрү тийиштүү иштерди жүзөгө ашырмакчы. Алардын ичинен эң негизгиси кыйноолорду токтотуу. “Психикалык саламаттык жана коом” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Бурул Макенбаеванын ырасташынча, кыйноо фактылары жалаң эле камак жайларда эмес, социалдык мекемелердин дээрлик баарында жолугат.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча улук комиссарлыгынын Борбор Азия боюнча регионалдык өкүлү Матильда Богнердин маалымдашынча, кыйноолорго каршы конвенциянын факультативдик протоколуна постсоветтик республикалардын бир тобу кошулган.

- Армения ратификациялаган. Аларда азыр Улуттук алдын-алу механизми органы иштеп жатат. Алардын өкүлдөрү камак жайларына барып, абак жайлардын шартын көрүп, аны жакшырту боюнча кеп-кеңештерин берип турат.

Кыйноолорду болтурбай коюу боюнча ассоциациянын Борбор Азия жана Европа өлкөлөрү боюнча координатору Мэтью Прингл протоколго кошулган Кыргызстанда адам укугунун сакталышы боюнча дурус иштер жасала тургандыгына ишенгендигин билдирди.

- Улуттук алдын-алуу механизми офисинин кызматкерлери абак жайларына, убактылу кармоочу жайларга барып жагдай менен таанышып турат. Алардын аткарган иштери протокол текстинде көрсөтүлгөн талаптардын ишке ашырылышына өбөлгө түзөт, алардын бүтүмдөрү аткаручу күчкө ээ болот. Мындай механизм кийинки жылдан тарта ишке киргизилет. Улуттук алдын-алуу механизми күздөн тарта ишке киришип, проблемалардын чечилишине жардам бермекчи.

Жабык жайларга кирүүнүн шарттары укук коргоочулар менен аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн арасында так аныктала элек. Кыргызстандын Адилет министринин орунбасары Сергей Зубов абактарга укук коргоочуларды кайсы маалда болбосун киргизүүгө даяр экенин, бирок да режим объекттерине түнкүсүн баш багуу биралдын опурталду иш экенин белгиледи.

- Себеп дегенде, 181 өмүр бою түрмөгө кесилгендер бар. Мен силерди коркуткум келбейт. Аны мага чейин деле айтышты. Мен жагдай кандай экенин гана айткым келет. А.Батукаев эмне жасаганын билесиңер, көз тийбесин 3 жылдан бери биз колонияларда азыноолок тартипти орноттук. Азырынча биз камктагылар буйрук тапшырмаларды так аткарышына жетише элекпиз. Андайга жете элекпиз. Ошондон сиз же биздин түнкүсүн түрмөгө киришибиз кыйын.

Акыйкатчы алдында түзүлгөн Улуттук алдын-алуу механизми бюросунун мүчөлөрү Кыргызстанда кыйноолор болгон-болбогонун, адам укугунун сакталышына көзөмөл жүргүзүшмөкчү. Анын натыйжасы кандай болорун алдын-ала айтыш кыйын. “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун эксперти Абдыкерим Ашыров түрмөдө ак жеринен күйүп кеткен жарандар деле бар экендигин, буга чейин эркинен ажыратылгандардын бейөкмөт уюм өкүлдөрү менен укук коргоочуларга ыдык көрсөтүшпөгөнүн белгилеп, укукчулардын жабык жайларга тоскоолдуксуз кирүүсүнө тийиштүү мекемелер шарт түзүп бериши керектигин белгиледи.
XS
SM
MD
LG