Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

Өзбекстанда ок–дары жана артиллериялык снаряддар сакталган кампадагы өрт жана андан кийинки жарылуулардан улам Бухаранын жанындагы Каган шаарынын калкы убактысынча көчүүгө мажбур болду. Каза тапкандар менен жабыр таркандар тууралуу так маалымат жок.

Казакстанда отставкадагы генерал Жоомарт Мажренов Улуттук коопсуздук кызматынын абагында каза тапты. Расмий түшүндүрмөгө караганда, генерал өз жанын өзү кыйган. Муну менен казак бийликтери жана президенттин мурдагы күйөө баласы ортосундагы чатак боюнча, балким, маанилүү күбөлөрдүн бири сотто көрсөтмө бербей калды ошойт.

Түркмөнстанда "Азаттык жана Эркин Европа" радиосу менен кызматташкан тарых мугалими Сазак Дурдымурадов эл аралык уюмдарын кийлигишүүсүнөн соң эркиндикке чыгарылды.

Казакстандын Алматы шаарында "Турак-жайды элге
калтыралы !" деп аталган комдук кыймыл түзүлүүдө. Мындай кыймылга турак –жайдын баасы тездик менен өскөн мурдагы жана былтыркы жылдары квартираны кредитке сатып алган, ал эми жыл башынан бери үй баасы тескерисинче арзандай баштаган жана Казакстан каржылык кыйынчылыктарга кабылган азыркы шартта насыясын төлөй албай калган инсандар биригүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG