Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:58

Улуттар уюму Беназир Бхуттонун өлүмүн иликтөө үчүн комиссия түзгөнү жатат


Пакистандын премьер-министри жарыялаган бул кабарды баш катчы Пан Ги Мундун кеңсеси да бышыктады. Пакистандын мурдагы премьер-министри Бхутто былтыр жыл этегинде Равалпинди шаарында өтүп жаткан шайлоо кампаниясы маалында кол салуудан каза болгон. Пакистандын буга чейинки өкмөтү, Британ полициясы жана АКШнын Борбордук чалгын кызматы жүргүзгөн тергөөнүн жыйнытыгында Бхуттонун өлүмүнө Аль-Каида менен байланышта турган согушкерлер жооптуу деп айтылган. Азыркы өкмөттү жетектеген анын партиясы болсо көптөн бери Улуттар уюмунун иликтөөсүн талап кылып келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG