Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:52

Россия АКШнын Европага антиракеталык системасын орнотуусу керексиз экендигин билдирди


Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ирандын ракета сыноолору Тегерандын арсеналы чектелүү экенин жана АКШнын антиракеталык системаны Европага жайгаштыруу долбоору керексиз экенин көргөздү деп билдирди. Иран сынаган ракеталардын бири Израилге чейин жете алат. Москва антиракеталык радарды Чехияга орнотуу Ирандын ыктымал чабуулунан коргонууга жардам берет деген Вашингтондун жүйөөсүн четке кагып келатат. Россия бул долбоор анын улуттук коопсуздугуна шек келтирет деп санайт. Орус бийликтери Чехия парламенти АКШ менен түзүлгөн келишимди ратификацияласа, аскерий жана техникалык чара көрөбүз деп эскертишти.

XS
SM
MD
LG