Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

11:35 Кыргызстандын диний билим берүү мекемелеринде мыйзам бузуулар арбын болууда


Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков кечээ Ош облустук мамлекеттик администрациянын кеңешмесинде “Көпчүлүк диний мекемелерде окутуу жараянында Кыргызстандагы билим берүү стандарттары сакталбайт. Кээде окуу 9 саатка чейин созулуп балдар укуктары бузулуп, алардын ден соолугуна зыян алып келчү жагдайлар түзүлөт. Ошондой эле окутуу шарттары дагы талапка жооп бербейт” деген баасын берген. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Кеңешмеде мектеп мугалимдеринин маянасына кошумча төлөмдөр жана окуучулардын диний мекемелерге тартылуусу тууралуу талкуу болду.
И. Исаков 8-11-июлда Ош облусундагы иш-сапарында окуучуларга исламдын негиздерин үйрөткөн медресе, мечиттердин билим берүү программалары жана окутуу шарттары менен таанышкан.
Ошондой эле балдардын жайкы эс алуусун уюштурууда жергиликтүү бийликтерге жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин даректерине сын айтылды.(GA)

XS
SM
MD
LG