Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

18:10 Кара-Кулжа районунун эки тургуну күйдүргү дартына чалдыккан деп шектелүүдө


Кара-Кулжа районунун Ажика айылынын эки тургуну ооруканага жаткырылды. Алар күйдүргү дартына шектелүүдө, деп билдирди “Азаттыкка” Ош облусунун башкы санитардык дарыгеринин орунбасары Артык Эралиев. Анын айтымында учурда аталган айылдын баардык жашоочулары текшерүүдөн өтүүдө. Оштук эксперт Асанбек Каракозиевдин көз карашында жергиликтүү бийлик күйдүргү дартынын жаңы очокторун жаап-жашырып келатат. Мунун акыры чоң эпидемия менен ашкере болушу ыктымал. (ATo)

XS
SM
MD
LG