Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

Доорубуздун улуу сүрөткери Чыңгыз Айтматовдун о дүйнө салганына бир айдан ашуун убакыт өттү. Жазуучунун көркөм мурасы, анын бийиктиги менен тереңдиги тууралуу кеп кылуунун дагы бир ыңгайы келип турат. Ал жөнүндө “Азаттыктын” "Бетме-бет” талкуусунун катышуучулары: акын Токтосун Самудинов менен адабиятчы Садык Алахан ой бөлүштүрмөкчү.

Бекташ Шамшиев: - Токтосун ага, Чыңгыз Айтматовдун көркөм мурасы делгенде анын артында калтырган опол тоодой эмгеги эске түшөт. Ч. Айтматовдун адабиятка алып келген жаңылыгы, көркөм эстелиги дейбизби, кепти ошонун урунттуу учурларынан баштасак кантет?

Токтосун Самудинов: - Эми мен өзүм акын чалыш адаммын, Салижан агабыз айткандай, ыр токуган адаммын. Окурман катары, Ч.Айтматовду сыйлаган, анан да адабият адамы катары ал жөнүндө сөздөрүм болушу керек. Бул кишинин кетиши менен өзүнчө бир доордун, орусча “эпоха” деп коет го, ошонун чоң барагы жабылгандай болду. Чыкеме биз ыраазы болушубуз керек. Ал өзүнө зор милдетти аркалаган адам экен.

Туптуура 50 жыл бою ал жанагы көшөргөн альпинисттей улам бир чокуну багынтып олтуруп, өзүнүн туу чокусуна жеткен адам. Бул кишинин ар бир чыгармасын өзүнчө бир кыл чоку десек болот. Бул киши адабият дүйнөсүндө альпинисттей адам болду. Сенин сурооңо жооп берсем, Чыкемин адабиятка келиши стилдик системада дагы, образ системасында дагы башкача көрүнгөн окуя болду.

Бекташ Шамшиев: - Садык мырза, Ч.Айтматов адабиятка кандай жаңылык алып келди деп тикесинен суроо койсо болобу? Себеп дегенде, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын масштабы өтөле кенен, анан да кылкылдаган терең дүйнө...

Садык Алахан: - Бул суроонун жообу “Гезитчи Дзюо” жазылып анан “Тоолор кулаганда” менен жыйынтыкталганы аркылуу эле далилденип турат. Токтосун ага туура айтты. Ч.Айтматов ар бир чыгармасы аркылуу альпинист сыяктуу бийиктиктерди багынтып жүрүп олтурду.

Ал эмне болгон бийиктиктер? Аны өзүн-өзү багынтуу, өзүнүн ички дүйнөсүнөн улам жаңы баскычтарга көтөрүлүү деп түшүнүшүбүз керек. Мисалы, эрбейген гезитчи тестиер баладан кийинки аңгемеге чейин Ч.Айтматовдун өзүнө жаңылык болду. “Кайрак жер”. Андан кийинки “Түнкү сугат”, “Ак жаан” өзүнчө. Андан “Бетме-бет”, “Жамийла”. Ушинтип ар бир чыгармасы Ч.Айтматов үчүн альпинисттик жүрүш болуп берди. Ушунун өзү жаңылык. Бул улуттук адабият үчүн да жаңылык болгон.

Ал жаңылык анан соң мурдагы союздук масштабда, кийин дүйнөлүк көркөм мейкиндин масштабында бүтүндөй бир жаңылык болуп олтурду. Мына москвалык “Собеседник” журналында Ч.Айтматов тууралуу “Мен ар бир чыгармамды ыйлап жазар элем” деген эскерүү макала чыкты. Бул Чыкенин көзү өткөндөн кийин бизге жеткен сөзү. Мурда айтчу эле “мен ар бир чыгармам аркылуу кайрадан төрөлгөндөй болом” деп. Ар бир чыгармасын ыйлап отуруп жазчу экен.

Мындай ички дүйнөнүн байлыгы, мындай ички дүйнөнүн тунуктугу, анан көркөм сөзгө болгон чоң жоопкерчилик, ушундай белгисиз жактары менен Ч.Айтматов бизге улуу көрүнө берет. Орус агайындар айтмакчы, улуулук мезгил өткөн сайын күчөй берет. Ал “Манастан” кийинки эпикалык түшүнүктү таптакыр башка жолго койду. Дүйнөнү эпикалык чагылдыруу бул жөнеле кара сөз менен баяндап жазып кете берүү эмес. Мейли ал мейкиндик карым-катышы болсун, мейли ал көркөмдүктүн катышы болсун, мейли ал философиялык ойлордун карым-катышы болсун дүйнөнү чагылдыруунун жаңы нугун ачты десек жарашат. Маселени ушул өңүттө карасак, анда Ч.Айтматовдун улуулугун, анысы өзүнчө турган иш деңизчи, көркөмдүк жаңы кырларын ачып берген болобуз.

Бекташ Шамшиев: - Токтосун ага, Ч.Айтматов альпинист сындуу ар бир чокуну багынтып келди деп айттыңыз. Мына ошондой салыштырмалуу көркөм чокулардын ичинен кайсы-кайсыларын этаптык чыгармалары аркылуу белгилейт элеңиз?

Токтосун Самудинов: - Ушул сөздүн өзүндө маани жатат. Улам бир чокуну багындырган жаңы бийиктиктер болуп жатат. Мына айтсам болот. Сүйүү кезин баштан кечирип жаткан курактан окуп калганымданбы, мисалы, “Жамийланы” улам-улам окуй берем. Орусчасын-кыргызчасын салыштырып окуй берем. Анан мен көбүрөөк окуган мынабул кыргыз баласынын адепки тарыхына, эзелки биздин шорубузга Чыкемдин өзүнүн бир арман-күйүтү сыяктуу болуп кеткен жанагы “Аккеме”.

Бул киши лирикалык маанайда сүрөттөсө же аял менен эркектин ашыглык касиеттерин жазса да баарында трагизм сезилип турат. Чыкем өзү да трагедия тууралу айткан. Адам баласынын өмүрү өлүм менен бүткөндөн кийин жашоонун өзү трагедия деп. Жана көктөмдө ачылган гүлдөй бажырайган “Жамийла” же ашыглык сезимин козгогон “Кызыл алма” сындуу чыгармаларында адам баласынын тарткан азабы, шору сезилип турат.

Эми башка чыгармаларын айтсак, “Кыямат” деген кандай чыгарма? Жан-жаныбарлардын башына түшкөн мүшкүл адам баласынын башына түшкөн мүшкүлдөй болуп көрүнөт. Чыкемдин жаңылык алып келгени тууралу кеп кыла турган болсок, Чыкемин лаконизми, кыска, жөнөкөй, анан психологизмге сугарылган чыгармалары бул өзгөчөлүгү болуп эсептелет. Бая том-том роман китептер чыгар эле. “Кирпич” деп коюшчу. Бул роман дегенди биз аябагандай чоң китеп деп эсептечү элек. Ч.Айтматовдун романдары кыска, кичинекей. Бул жагынан да анын жаңылыгы болду деп ойлойм.

Бекташ Шамшиев: - Садык мырза, ошол эле суроону улантып, Ч.Айтматовдун альпинист сындуу улам жаңы бийиктиктерди багынтышы жөнүндө кепти улантсак. Ал кандай бийиктиктер, анын контурлары менен белгисин айта алабызбы?

Садык Алахан: - Ушундай өңүттө гана анын контурларын аныктай алсак, ар бирибиз өзүбүзчө анын улуулугун ачканга аракет кыла алабыз. Токтосун ага бул жерде “Жамийладан” баштоо керек деп айтты. Мен такай жазып жүрөм. Ч.Айтматовдун космосу – бул “Аккеме”. Бул мурунку социалисттик реализм методунун ички структурасын кыйраткан чыгарма. Түшүнгөн киши бул социалисттик реализм методунда жазылбай турган чыгарма деп кабыл алат. Ошондой кабыл алгандар болгон учурунда.

Экинчиден, бул чыгармада коомдун кандай абалга келип калганы баяндалган. Коом менен инсандын карым-катышы кандай болуш керек? Эгер экөөнүн карым-катышы кандай болгондо коом бакубат коомго айланат? Коом менен инсандын карым-катышы кандай болгондо коом кыйроого учурайт? Мына ушундай маселелер “Аккемеде” козголгон.

Үчүнчүдөн, улуттун тагдыры. Кайдан келдик, кайда баратабыз? Жалпы адамзат менен улуттун тагдыры кандай карым-катышта болот? Муну кандай чечиш керек? Анан эң башкысы, чыгарманын көркөмдүк бийиктиги. Бул авторунун өзү да кийин жеңе албай турган бийиктикке чыгып кеткен. Маселен, Габриэль Гарсиа Маркестин “Жалгыздыктын жүз жылын” ошондой чыгарма деп аташат. Албетте, “Бороондуу бекет” да, “Тоолор кулаганда” да мыкты чыгармалар. Жалгыздан алганда.

Бирок жалпы Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынан алганда “Аккеме” өзүнчө бир бийик чоку. Сиз айткан контурлары жөнүндө айтканда, бул “Жамийла”, “Гүлсарат”, “Бороондуу бекет”. Эмне үчүн жазуучу “Бороондуу бекетке” кайра кайрылды? Чыгармачылык потенциалды коом кысып турганда ал кандай абалда эле, кийин кандай абалда болчу? Ч.Айтматовдун көркөмдүк бийиктиктерин аныктап, анын кандайлыгын аныктап, ушул багытта сөз кылганыбызда гана Ч.Айтматовдун улулуугун өзүбүздүн деңгээлибизде чечкен болобуз.

Бекташ Шамшиев: - Улуттук дүйнөтааным жөнүндө сөз болуп калды. Токтосун ага, Ч.Айтматовдун чыгармаларында кыргыз тилинин туюнтуу мүмкүнчүлүктөрү канчалык деңгээлде ачылды деп ойлойсуз?

Токтосун Самудинов: - “Жамийлада” деле чыгарма жөнөкөй эле башталат эмеспи. Улуу нерсенин баары жөнөкөй. Ошол жөнөкөй сөз окурманды ээрчитип жүрүп олтурат. “Бетме-беттен” “Тоолор кулаганда” чейинкисин алалы. Ушул чыгармаларда адам баласы өзү жасап алган коомдо ичара алакасынын азабын тартып эле жүрүшөт. Бул өзү чоң трагедия. Эми кыргыз баласы тартпаган азап жок. Эми бир өзөктүү нерсени кармай алганында жатат да кептин бардыгы. Чыкемдин улуулугу ушунда. Анын масштабы, жазуучулук тереңдиги бул өзүнчө бир феномен.

Бекташ Шамшиев: - Ч.Айтматовдун чыгармаларынын кыргызчаланышы биртоп сын пикирлерди да жаратып келатат. Мунун себеби эмнеде?

Садык Алахан: - Алгач адабиятка келгенде эле Ч.Айтматовдун көркөм тили деген маселени алдыга коюп алышып Жазуучулар союзунда талкуу уюштурушкан. Кыргыз жазуучулары өмүр боюн Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын “аялуу жери” анын тили деп келишти. Азырга чейин ошентип келатышат. 1963-жылдан кийин Ч.Айтматов кыргыз тилинде жазбай калган. Бул тарыхый факт. Мына 70-жылдардын башы, 60-жылдардын аягында “Кайрылып куштар келгиче” үзүндүсүн жазды. Кыргызча “Саманчынын жолун” жазып, кийинкилерин орусча жазып кетти.

Мен ошол “Саманчынын жолуна” чейинки кыргызча жазылган чыгармаларын өз алдымча изилдеп көрдүм. Ошол чыгармаларында эле Ч.Айтматов кыргыз тилинде мыкты чыгармалар жараткан жазуучу экенин көрөбүз. Ошол эле “Жамийлада” ыр сыяктуу кандай сөз курулмалары бар, сүйлөм түзүлүштөрү бар. Образдуу туюнтмалары бар. Ушунун баары кыргыз тилинде.

Бекташ Шамшиев: - Кыргыз тилинин туюнтуу мүмкүнчүлүктөрү деп калдык. Токтосун ага, Ч.Айтматовдун көркөм сабагы эмнеде деп ойлойсуз?

Токтосун Самудинов: - Ч.Айтматов улуу жазуучу, анын үстүнө анын эки тилдүүлүгү үй-бүлөлүк шартка жараша чыгып калган. Эки тилде билим алган. Орус классикасын жакшы окуган. Ошону менен бу киши орус-кыргыз тилинде эркин ойлонуп, эркин жазып, ал экөөн оң менен сол колдой эле пайдаланган.

Бир ирет окурмандар менен жолугушуу маалында ага “сиз кыргыз тилинде мыкты жаза аласыз, эмне үчүн орус тилинде эле жазып калдыңыз” деген суроо беришсе “менин кыргызча жаза аларымды деле билесиңер. Орус тилинде жазышымдын себеби бул мага төтө жол болуп жатат. Анткени мен кыргызча жазсам аны орусча которуу кыйла убакты-саатты алып кетет экен”, деп иштин практикалык жагын айткан эле.

Анын “Кайрылып куштар келгичеси” манасчылыкты ушунчалык көз алдыга келтире тургандай тил менен жазылган. Мен аны биринчи орусча, анан айтып калышты кыргызча жазылган экен деп, анысын да окудум. Чыкем кыргызча жаза албайт деш тайкылык, ичи тардык, көрө албастык. Анын үстүнө ал өзүбүздү сыйлабастык.

Экинчиден, Чыкеми Ашыкем – Ашым Жакыпбеков, Аман Токтогуловдор которушту. Чынында эле мыкты которушкан. Ал котормолорго Чыкемин өзүнүн да калеминин тийиши чын эле. Ал өз чыгармасына кайдыгер карабаган жазуучу болчу. Чыкемин чыгармачылыгы жөнүндө кеп кылганда Ашыкемин котормосу туралу айтпай кетсек адилетсиздик болуп калат.

Бекташ Шамшиев: - Ч.Айтматов сабагы, анын көркөм мектеби, Садык мырза, ушулар тууралуу кыскача токтоло кетсеңиз.

Садык Алахан: - Ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша сабак алат. Ар ким өз деңгээлине жараша сабак алат. Ар ким жан дүйнөсүнө жараша кабыл алат. Ч.Айтматовдун мектеби, көркөм мурасын кабыл алуу, өздөштүрүү ар кимдин деңгээлине жараша болчу иш.

Бекташ Шамшиев: -“Азаттыкка” келип куруп берген аңгемеңиздер үчүн чоң ырахмат!
XS
SM
MD
LG