Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Кытайда уйгурлар жазаланды


Маалыматтарга караганда, террорчулукта айыпталган эки уйгур өлүм жазасына тартылды. Ошондой эле Синьцян –уйгур автоном районун 15 тургуну ар кандай мөөнөткө түрмөгө кесилди. Бул тууралуу АКШ каржылаган "Эркин Азия" радиосуна шилтеме берип, Рейтер агенттиги кабарлады. Муктар Сатыбалды, Абдували Имин ысымдуу эки уйгур Жаңы Шехер округунда 9-июлда, эл алдында болгон соттон кийин эле дароо дарга асылган.

Маалымат расмий булактар тарабынан ырастала элек. Жакында Кытайдын мамлекетик маалымат каражаттары Пекинде келерки айда ачылып жаткан Олимпиадалык оюндарга терракт аркылуу жолтоо кылууну көздөгөн уйгур жикчилеринин бир нече топторунун пландары алдын алынганын кабарлашкан болчу.

XS
SM
MD
LG