Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:34

Өтүп бараткан жума Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөновдун күтүүсүз кызматтан алынышы, Жогорку Кеңештин төрагасы Айтибай Тагаев эки жылдан кийин боло турган президенттик шайлоого кам көрүүсү, Кумтөр боюнча кезектеги жаңы өкмөттүк комиссиянын түзүлүшү жана электр энергиясын пайдаланууга дагы чектөөлөр киргизилери маалымдалуусу менен коштолду.

Кыргызстан экономикасынын локомотиви болот деп күтүлгөн тоо-кен тармагы, өзгөчө алтын казуу жагы быйыл аксап калды. Кумтөр кени пландагы көрсөткүчкө жетпей, соттошуу, чатак жана карама-каршылыктардын туткунунда калды. Ошондой эле Талдыбулаксолжээк, Андаш, Жерүй алтын кендеринин иши да байкалбай турат. Кумтөр кени боюнча жаңы өкмөттүк комиссия тууралуу сөзгө өтөөрдөн мурда, Таластагы Андаш кенинин айланасында түзүлгөн абалга токтоло кетсек.

20 тоннага жакын алтыны бар Андаш кенинин айланасындагы абалды иликтөө үчүн июнь айында депутаттык комиссия түзүлүп, ал комиссия кенге жакын жайгашкан Көпүрөөбазар айылында болуп, эл менен жолугушууларды өткөрдү. Депутаттык комиссия бир нече жылдан бери ар кандай чатактардан ишин баштай албай турган кендин документтерин алып, сентябрь айына чейин иликтөөнү чечти. Бул убакка чейин кен иштетилбей турууга тийиш.

Ал эми өлкөдөгү ири алтын кени Кумтөр чатагын териштирүү үчүн, тагыраак айтканда канадалыктар менен сүйлөшүү үчүн өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Исмаилов башында турган жаңы комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мына ошол комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кенештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков билдирди:

Жаңы өкмөттүк комиссия түзүлгөнүнө 10 күн болду. Төрагасы Исмаилов Мурат. Ал премьер-министрдин аппарат жетекчиси. Министр. Жогорку Кеңештен мен, Сергей Ибрагимов бар. Андан сырткары Курманалиев Капар, “Кыргызалтындын” директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев мүчөсү.

Кубанычбек Исабековдун маалыматы боюнча, канадалыктар сүйлөшүүлөр үчүн ушул айдын 15 чейин Кыргызстанга келүүгө макулдук сурап өкмөт башчыга кат жазышкан.

Мурат Исмаиловго чейин комиссияны өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министир Сапарбек Балкыбеков жетектеп, бирок эч кандай натыйжага жетише алган эмес. Канадалыктар сүйлөшүүлөрдөн баш тартып, маселени эл аралык арбитражда чечүүгө багыт алышкан. Эми алардын позицияларында өзгөрүү пайда болгондой. Бирок эки тарап кандай натыйжага жетишет белгисиз.

Бу арада Кумтөр алтын кени ишин басаңдатып, ал жалпы эконономиканын көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизүүдө. Бул тууралуу экономика жана соода министри Акылбек Жапаров маалымдады:

Жалпы өнөр жайын алганда, 20 пайызга чейин өсүш болот дегенбиз. Негизги үмүтүбүз Кумтөргө байланыштуу болуп, кенде жандуу иш жүрөт деп пландаганбыз. Бирок үмүтүбүз акталган жок. Кумтөрдө жарым жылдыкта 6 тонна эле алтын казылып алынды. А биз 8-9 тонна казылат деп күткөн элек.

Тоо-кен тармагында абал ушундай болуп турат. Аны Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин башчысы Орозбек Дүйшеев терең кризис катары баалады:

Тоо-кен өнөр жайы толугу менен терең кризиске түштү. Анткени өткөн жылы кандай болсо да Кумтөр боюнча жакшы чечим кабыл алынган эле. Бирок интриганын айынан ал чатакка айланып, эми Кумтөрдү жоготуп алууга шарт түзүлүүдө. Мына Жерүйдү алсак, Жерүй 2006-жылы ишке кириш керек эле. Аны жоготуп коюшту. Эми 3-4 жылда ишке киреби, кирбейби белгисиз. Мына жакында Андашка барып келдик. Андаштагы маселе да ушул өкмөттүн чечкинсиздигинен ушундай чатакка туш болгон. Ал жерде да качан иш башталат белгисиз. Аны караган депутаттык комиссия бар, өкмөттүк комиссия бар. Алардан сырткары адистердин комиссиясы бар. Биз, адистердин комиссиясы айтып жатабыз, бул жерде коркунуч жок. Иштеткиле. Аны иштетиш керек тездетип деп сунуштап жатабыз. Анткени ишке кирсе 600 жакын киши жумуш менен камсыз болот. Алардын тегерегинде дагы 1000 киши иштемек. Ошону менен 1600 жумуш орун табылмак. Мына ошону менен элге пайда болот десек уккан адам жок. Мына ушундай абалдабыз. Мына Каракече көмүр кенин алалык. Үч жылдын ичинде Каракече толук талкаланып бүттү. Быйыл көмүр чыгабы, чыкпайбы - кудай билет.

Алтын кен, анын ичинде Кумтөр чатагы мына ушинтип “Чубактын кунундай чубалжып” жаткан чакта, кезинде биринчи вице премьер-министр катары канадалыктар менен алгачкы сүйлөшүүлөрдү өткөргөн, кийинчерээк Бишкек мэри болуп дайындалган Данияр Үсөнов кызматынан алынып, али түптөлө эле “Өнүктүрүү фондуна” башчы болуп дайындалды. Данияр Үсөновдун кыска мөөнөттө кызматтан алынышын саясат таануучулар жана талдоочулар эки себеп менен байланыштырууда.

Биринчиден, анын Адахан Мадумаровго жакындыгы аталды. Маселен, саясат таануучу Орозбек Молдалиев:

Ошол негизги себеп болду окшойт. Бул эми саясий чечим болуп кетти. Данияр Үсөнов айткандарын аткарган жок. Анысы чын. Бирок ким эле аткарып ийди эле? Бишкектин мэрлеринин кимиси эле борборду оңдоп жиберди деген суроо бар да. Эми шаарды ким ойломок эле, шаарды оңдобой койду деп иштен алып койгондой.

Экинчиден, ишиндеги кемчиликтер белгиленди. Маселен, Жогорку Кенештин депутаты Мурат Жураев:

Бул Салымбеков, Керимкулов, Ногоевден кийинки төртүнчү мэр. Ушулардын ичинен эң начар иштегени Данияр Үсөнов болду. Андай-кылам, мындай кылам деген сөзү көп болду. Бирок... Мен ойлоп атам иши үчүн эле алып койду. Эгерде жакшы иштесе калышы мүмкүн эле. Бирок иши начар болду.

Данияр Үсөновдун ордуна “Кыргыз темир” жолу ишканасынын башчысы Нариман Түлеев дайындалды. Аны бул кызматка дайындалганы тууралуу маалымат чыгардан бир нече саат мурун президент өз администрациянын салттык жыйынында Түлеевдин темир жол тармагындагы ийгиликтерин жогору баалап, анын дарегине мактоолорду айткан эле. Ал мактоолор дароо эле кызматтагы көтөрүүлөр менен коштолду. Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Нариман Түлеевди шайлоого 17-июлда чогулушат.

Ошентип, борбор жаңы мэрлүү болуп жаткан аптада өлкө электр энергиясын өлчөп пайдаланып калаары айкын болду. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков август айынан тарта электр энергиясын берүүгө чектөөлөр киргизилерин билдирди. Коопсуздук кеңештин катчысы Исмаил Исаков Токтогул суу сактагычындагы суу көлөмүн көрүп, абалды элге туура түшүндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Мына ошентип, энергетикалык кризистин карааны көрүнүп, күйүүчү майларга баа тынымсыз көтөрүлүп жатат. Дегеле күйүүчү майга баанын өсүшүнүн чеги барбы? Өзбекстан менен газ боюнча кандай келишим түзүлүшү ыктымал? Мына ушул багыттагы суроолор менен Кыргызстан нефть-трейдерлер бирикмесинин башчысы Базарбай Мамбетовго бир катар суроолор менен кайрылган элек:

“Азаттык”: Биринчи сурообуз бааларга байланыштуу. Мына бу күйүүчү майга баа тынымсыз эле өсүп баратат. Мунун чеги барбы?

Базарбай Мамбетов: Мунун чеги бар. Чеги болуш керек да. Экинчи жагынан, бир барель мунайга баа 145 доллар болгонуна бир ай болуп калды. Дүйнөдөгү мамлекеттер чогулуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүп жатышат. Баалар мындан ары да көтөрүлө берсе экономикалык өсүшкө зыян келтирет экен деген суроолор туулуп жатпайбы. Анан мынабу Россиянын мунай казып чыгаруучу компаниялары да В. Путиндин көрсөтмөсү боюнча көп нерселерди жасап жатышат экен. Аларга салык жагынан жеңилдик берилиптир. Ошондуктан мунай, дизелдик май, бензинге баа ушул кварталда токтойт деп турабыз.

“Азаттык”: Негизи мунай, бензиндин чыныгы өздүк баасы канча болуп жатат. Азыр баалардын өсүшүнө доллардын күчүнүн кетишинин да таасирин тийгизүүдө кептер да бар. Бизде чыныгы баасы канча?

Базарбай Мамбетов: Кыргызстанда мунай, бензин чыгарбайбыз. Ошондуктан өздүк наркын айтыш кыйын. Дүйнөдөгү баасы кандай экенин да айтыш кыйын. Бирок кийинки аныктамалар боюнча, чоң компаниялар чайкоочулук кылып, бааны асмандатып жатат деп мунай чыгарган өлкөлөрдүн жыйынында да айтылды го.

“Азаттык”: Акыркы кезде Кыргызстанда бир литр бензин алгач 1 доллар, андан кийин 1 еврого чыгат деген сөздөр айтылууда. Мунун канчалык чындыгы бар?

Базарбай Мамбетов: Андай болжолдор туура эмес. Бир долларга чыкпайт. Бир доллар, бир евро деп дүйнөдөгү коньюктураны билбей эле айта беришет экен. Ага жетпейт. Бирок Россиядан келип жаткан күйүүчү майга баа тынымсыз эле өсүп жатат. Алар июль айында да башка баа коебуз деп айтышыптыр.

“Азаттык”: Газга да баанын көтөрүлүшү күтүлүп жатканы айтылууда. Биз газды Өзбекстандан алабыз. Кандай жаңы баа саясаты болушу ыктымал?

Базарбай Мамбетов: Быйыл жыл аягына чейин 1 миң кубуна 153 доллар бойдон калат. Андан кийин жаңы жылга карата Өзбекстан газга баасын көтөрүшү мүмкүн. Эмне дегенде Орто Азиянын, Түркмөнстандын газын Россия арзан сатып алып, батыш өлкөлөрүнө сатып жатышат. Россиянын Газпромунун башчысы Алексей Миллер 500 долларга чыгышы мүмкүн деп айтты го. Бирок Борбордук Азияда андай баа болбойт. Андай баада биз газ алып жага да албайбыз. Анан эми, газ чыгып жаткан Өзбекстан менен кошуначылыгыбыз бар, байланышыбыз башка.

“Азаттык”: Ошондо баа бизде 500 долларга жетпейт, бирок бир жарым эсе, эки эсе көтөрүлүшү мүмкүн экен да?

Базарбай Мамбетов: Ооба. Көтөрүлүшү мүмкүн деп айтсак болот.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG