Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

10:58 Токтогул суу сактагычындагы абал боюнча президентке маалымат берилди


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев бүгүн президенттик админстрациянын бөлүм башчылары менен салттуу жумушчу жыйын өткөрдү. Анда коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков Токтогул ГЭСинин техникалык абалына баа берүү максатын көздөгөн иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу президентке маалымат берди.

Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбековдун өткөн жума күнү “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азыр 9 миллиард 40 миллион кубометрге жетти. Бирок Нарын дарыясынан агып келип жаткан суунун көлөмү былтыркыдан кескин азайып кеткендигине байланыштуу мурда күтүлгөндөй күз айларына чейин 12 миллиарддык чекке чыгуу мүмкүн эмес. Ошондон улам 1-августтан тарта өлкөдө электр кубатын берүүгө кайрадан чектөөлөр киргизилет.(SM)

XS
SM
MD
LG