Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Курамына коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков, Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү кирген топ Ош, Жалал-Абат облустарындагы окуучуларга исламдын негиздерин үйрөткөн медресе, мечиттердин билим берүү программалары жана окутуу шарттары менен таанышкан. Анда көпчүлүк диний билим берүү мекемелериндеги окутууда билим берүү стандарттары сакталбагандыгы, окутуу шарттары талапка жооп бербегендиги көрүнгөн. Динаятчылардын билим берүү, дегеле өлкөдө диний кырдаал тууралуу “Таңкы Азаттыктын” суроолоруна Дин иштери боюнча мамагенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев жооп берди.

Азаттык: -Каныбек мырза, өткөн апта соңунда сиздер Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков менен түштүк регионун кыдырып, ал жерде динаятчылардын билим берүүсү менен таанышып келдиңиздер. Андагы оош-кыйыштар тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

К. Осмоналиев: -Биз өткөн жумада шейшемби күндөн ишемби күнгө чейин Жалал-Абат жана Ош аймактарын түп көтөрө кыдырып чыктык. Бул кыдырууну негизинен Коопсуздук кеңешинин катчысы, генерал-лейтенант Исмаил Исаков баштап жүрдү. Биз менен кошо ал жердеги жергиликтүү бийликтин төбөлдөрү жана диний кызматкерлер болушту.

Биздин иш сапарыбыздын негизги максаты - Кыргызстандагы кийинки учурларда абдан эле көбөйүп кеткен ислам конфенциясы боюнча окуу мекемелеринин бүгүнкү күндөгү абалы болчу. Чынында эле жалпыга маани койо турган болсок, тилекке каршы алар бүгүнкү күндүн талабына жооп берүүдөн алыс экени байкалды. Айта турган болсок, мисалы, Кыргызстанда учурда 52 медресе, 8 Ислам институту жана бир Ислам университети бар экени белгилүү. Негизинен медреселердин маселеси каралды. Жалал-Абат облусундагы бир Ислам институту Таш-Көмүр шаарында жайгашкан экен. Ал эми Ош облусунда бир Ислам институту Кара-Суу районунда Фурхат айылында жайгашкан экен. Экөөнүн тең ахыбалы бүгүнкү күндө өтө эле начар экендиги көрүндү.

Мындан сырткары Ноокат, Араван районундагы бардык медреселер, айрыкча Сузак районунун эки медресеси бүгүнкү күндүн талабынан абдан эле алыс экендиги, балдардын кейиштүү абалда окуп жатканы чынында эле бүгүнкү ХХI кылымдын талабына туура келбестен тескерисинче 16-17-кылымдагы шарттарда окуп жатканы бизди өкүндүрдү.

Азаттык: -Өткөндө Кыргызстандагы динаятчыларды аттестациядан өткөрүүдөн кандай майнап чыкты?

К. Осмоналиев: -Бул боюнча биздин азирети муфтий да өзүнүн оюн айткан убагында. Биз дагы өз оюбузду айтканбыз. Чынында бул өзү бир ийге салуу, теске салуу иши боюнча бир топ эле өзүнүн функциясын аткарды. Бирок анын башка жактары да көрүндү. Мисалы, тилекке каршы 30 пайызга жакын имамдар ошол аттестацияга катышпай калышты. Ар кандай себептер менен. Бирок эң негизги себеп алар өздөрүнүн билимдерине, өздөрүнүн сабаттуулуктарына ишенбей тургандай көрүнүп турду.

Мына коопсуздук катчысы менен болгон иш сапарыбызда дагы биз ошону байкадык. Мисалы, Жалал-Абат облусу боюнча 19 имам катышкан жыйын өткөрсөк, анын ичинен үчөөнүн эле талапка ылайык медресе, институттарда окуп келгендерин көрдүк. А чынында көпчүлүгү үйлөрдө “кужура” деп коёт, башкача айтканда, кээ бирлери өздөрү эле айткандай өз атасынан же дагы бирөөнөн окушкан.

Азаттык: -Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб-ут-тахир” уюмунун мүчөлөрү башка диний уюмдарга жамынып алып, сабак өтүп жатат деген маалыматтардын канчалык чындыгы бар?

К. Осмоналиев: -Абдан жакшы суроо. Айрыкча бул начар медреселерде ошондой ахыбалдар бар экендиги боюнча сөздөр айтылып жатты. Бирок биз өз көзүбүз менен көрүп, колубуз менен кармаган жокпуз. Себеби бул өтө татаал маселе. Бирок сезим туюмубузда байкап жаттык. Эмне үчүн? Себеби ошол эле медреселерде иш пландары жок, окуу программасы жок, балдардын ата-энеси менен макулдашуусу жок. Келген балдар-кыздар, дээрлик мечиттин карамагында болуп жатканы байкалды.

Азаттык: -Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG