Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:35

18:35 Кыргыз-өзбек чегара тилкесинде өзбек эки атуулу ок жеди


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин Укук коргоо жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев «Азаттыкка» 14-июлда кабарлады.
Маалымдамада 13-июль күнү Кыргызстандын Кадамжай районуна караштуу Чукур кыштак айылы менен чектешкен жерде өзбек аймагында бараткан кичи автобуска көздөй ок аталган. Ок чыгаруу өзбек чегарачылары буйрукка баш ийбеди деген негизде болгон. Натыйжада кичи автобуста бараткан Өзбекстандын эки атуулу денесинен жарат алышып Фергана райондук ооруканасына жаткырылган. Буга чейин Чегара кызматынын кыргыз атуулу жарат алды деген маалыматты Кадам-Жай райондук жана Баткен облустук акимчиликтери четке кагышты. Учурда окуя боюнча өзбек коопсуздук кызматы иликтөө иштерин жүргүзүүдө.(SA)

XS
SM
MD
LG