Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:00

КҮЙДҮРГҮ МАЛДАН ЧЫКТЫ


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абад Жалал-Абат облусундагы күйдүргү дартын жуктуруп алганы ыктымал деп шектелген адамдар облустун Сузак райондук жана Кочкор-Ата шаардык ооруканасында дарыланууда. Буга дейре белгилүү болгондой, өткөн аптанын жума күнү алардын бири көз жумган. Дарыгерлер ооруга шектүү делген башка кишилердин ден-соолуктары жакшы экендигин айтышууда.

Ушул тапта күйдүргү оорусун жуктуруп алган деген шек менен облустун Сузак райондук кеселканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө төрт киши дарыланууда.

Жалал-Абат шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун баш дарыгеринин орун басары Дүйшөбай Жумуковдун ырасташынча, алардын жана Кочкор-Ата шаардык ооруканасында жаткан кишилердин күйдүргү дартын жуктурганы азарынча аныктала элек. Бул дарттын алдын алуу аракеттери Жалал-Абат шаары менен Сузак районундагы «Ачы» айылында жана Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу "Көлмөн" айылында жүргүзүлүүдө.

Аталган кыштактардын калкы дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, илдетти башка адамдарга жуктурбоо үчүн зарыл болгон бардык дары-дармектер жетиштүү экендигин Дүйшөбай Жумуков тастыктады.

-Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтүнө караштуу жайлоодо малдарды союшкан. Алар союлган малды мал доктурга көрсөтпөстөн, өздөрүн болсо күйдүргүгө күмөн санашып, жети адамды ооруканага жаткырышкан. Лабораторияда мындай дарт аныкталган жок. Учурда күйдүргүнүн алдын алуу боюнча Жалал-Абат облусунда, Ноокен жана Сузак райондорунда штабдар түзүлүп, иштеп жатышат.

Ошондой эле Дүйшөбай Жумуков жергиликтүү тургундар бул коркунучтуу дартка жетиштүү маани бербей, жоопкерсиз мамиле жасап жатканын ырастады:

-Кээ бирлер этти көрбөстөн эле мен жедим деп коёт. Эртеси дарылан десең мен көргөн эмесмин дегендер да бар. Дары көп. Дарыланса болот. .

Күйдүргү кишиге оору бодо малдын этин жегенден жугушу мүмкүн. Түштүк аймактык ветеринария департаментинин жетекчисинини орун басары Абдыкапар Раматиллаевдин айтымында, аталган аймактарда 600дөн ашык бодо мал, кой-эчки күйдүргүгө каршы эмделди. Эки уйдун күйдүргү менен ооруганы аныкталган.

Облус аймагында күйдүргүнүн 351 очогу бар. Алардын 202си гана аныкталып, калганы кайда экендиги дайынсыз. Малдарды дарылоого ветеринардык дарыгерлер жетишпейт. Айлыктын аздыгынан мал доктурлар кесиптерин алмаштырып, көпчүлүгү чет өлкөлөргө кетип калышкан. Облуска миң мал доктуру керек болсо, ушул тапта алардын 400 эле калган. Алар жугуштуу ооруларга каршы эмдөөлөргө жетише албай жатышат. Убагында мал-жайын дарылатууга жарандардын да каражаты тартыш. Малдан оору чыккан эки райондун ветеринардык башкы врачтарын кызматтан алуу тууралуу токтом облбийликтин коллегиясында кабыл алынгандыгын Абдыкапар Раматиллаев билдирди.

Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн 78 жаштагы тургуну аймактык ооруканага 9-июлда оор абалда келген. Ага күйдүргү жукканын дарыгерлер тастыктаган. Дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабай, карыя 10-июлда каза тапкан. Доктурлардын айтымында, ал уулу экөө өлгөн уйдун терисин сыйрыганда кеселди жуктуруп алгандай. Райондук оорукананын дарыгерлери оорунун жугуштуу экендигин айтып, күйдүргү менен шектелгендердин ден-соолугунан кабар алып, алар менен сүйлөшүүгө уруксат беришкен жок. Оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Кадыржан Салиевдин айтымында, кеселге шектелгендердин акыбалы дурус.

-9-июлда биринчи ооруган адам бизге түшкөн. Сарыбек Жаныбеков 1930-жылы туулган. Балдары ооруканага жаткыралы десе аксакал ынанбай койгон. Акыры температурасы 40 градуска чейин көтөрүлгөндө, ооруканага алып келишкен. Биз аксакалды дароо жаткырып, тез жардамды көрсөттүк. Бирок ошончолук тез жардам кылсак дагы ал ооруга чалдыккан адам эртеси 10-июль күнү бул дүйнө менен кош айтышты. Каза табуунун бирден бир себеби ооруканага кеч келгени болуп калды. Ушул тапта төрт бир тууган бул дартка чалдыккан деп шектелип, азыр дарыланып жатышат. Бардыгынын абалы жакшы.

Башкы дарыгер оорулууларга акысыз медициналык жардам көрсөтүлүп, алар бир жумага жетпей үйүнө кетүүгө уруксат берилиши мүмкүн экендигин тастыктады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG