Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:28

07:12 Чолпон Орозобековага байланыштуу иштин сотко өтүшүнө коомдук уюмдар нааразы


“Де-факто” гезитинин баш редактору Чолпон Орозобековага байланыштуу иштин сотко өткөрүлүшү саясий заказ. Мындай пикирин “Азаттыкка” маалымдаган “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылдын билдиришинче, бийлик коомдогу окуяларды так, ачык чагылдырып жаткан бирден бир гезитти жабуу аракети менен сөз эркиндигине кысым жасоодо. Кечээ райондук прокуратура Орозобековага байланыштуу ишти Свердлов райондук сотуна жибергенин анын адвокаты Нина Зотова кабарлаган. “Де-факто” гезитинин башкы редактору Чолпон Орозобековага “Билип туруп жалган маалымат таратты” деген айып боюнча өткөн айда кылмыш иши козголгон эле. Ага салык кызматындагы коррупциялык иштер боюнча Замира Молдоева аттуу айымдын бул гезитке жарыяланган кайрылуусу себеп болгон. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG