Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

Ош облусунда жергиликтүү аткаминерлер мектептерди айыл өкмөттөрүнүн карамагынан чыгарууну, маяна жана педагогикалык стаж үчүн кошумча акыларды кечеңдетпестен төлөп берүүнү өтүнүшүүдө. Мындай сураныч каржы министри Тажикан Калымбетова Ош шаарында түштүк аймагынын агартуу тармагынын жетекчилери менен жолугушуп жаткан маалда ачыкталды. Каржы министри бул маселелерди чечүү Билим берүү министрлигине таандык экендигин белгилесе, адистер агартууну мамлекеттик өзгөчө саясатка айландырмайынча, Кыргызстандын болочогу бүдөмүк экендигин айтышууда.

Карасуу районундагы Жакыпов атындагы орто мектептин директору Адылбек Маматбаев маяна жана педагогикалык төлөмдөр кечиктирилип жаткандыгын айыл өкмөттөрүндөгү бухгалтерлердин тармактын өзгөчөлүгүн билбегендиги менен түшүндүрөт. Ошол эле учурда бул вазийпаны мурдагыдай эле райондук билим берүү бөлүмдөрүнө өткөрүп берүү түйшүктү жеңилдетет деген ынанымда:

-Айыл өкмөттөрүндөгү көпчүлүк бухгалтерлер мектепти анчалык түшүнбөгөндөр болушу мүмкүн. Биздин стаж боюнча төлөнчү төлөмдөрдүн кечигип жаткан себептери да ошондон болуп жатат. Министрлик централизованный райондун алдындагы бухгалтерияны кайра уюштурса болбойбу деп жатат. Андай болсо координация жасоо оңой болмок эле.

Базар-Коргон райондук агартуу бөлүмүнүн башчысы Рахман Абдаловдун баамында, айыл өкмөттөрү бардыгын өздөрү бийлейт дагы, бирок, жоопкерчиликти ар дайым билим берүү жетекчилери тартып келет. Ошол себептүү бүтүндөй милдетти бир кишиге жүктөгөн натыйжалуу болмок:

-Мына азыркы мезгилде бардыгы эле айыл өкмөттөргө өтүп калды. Мисалы, отун, көмүр боюнча. Айыл өкмөтү райкомдун бөлүмүнө барат, айыл өкмөтү тендер өткөрүп берет. Ремонт, тамактануу жагын дагы. Жыйынтыгына келгенде ремонтко дагы, отун-көмүргө дагы райондун башчысы жооп берет. Ошол жактан эле районго берген болсо көзөмөлдөгөнгө жана иштин жүрүшүнө дагы жакшы болмок.

Мектептер айыл өкмөттөрүнүн каттоосунда турган менен, эки тизгин бир чылбыр Билим берүү министрлигинин колунда. Ошондуктан, райондук агартуу бөлүмдөрүнүн алдында борборлоштурулган бухгалтерияларды ачуу анча деле татаал эмес:

-Айыл өкмөтүнүн балансынан билим берүү тармагы өтүп кеткен деген маселе болуп жатат. Мектеп өзү айыл өкмөттүн балансында болуп жатат. Педколлектив мектепте, райондо, облуста, билим берүү министрлигинде калган. Силер райондун, облустун, билим берүүнүн алдына коюп туруп ушуга окшогон структуралык өзгөрүүлөрдү жасап алсаңар болот,- деди Т.Калимбетова.

Анткен менен оштук адис Санжар Тажиматов белгилегендей, агартууну мамлекеттик өзгөчө саясатка айландырмайынча, Кыргызстандын болочогу улам бүдөмүктөнүп баратат:

- Айыл өкмөтүнө өткөрүп, же болбосо районго акчаны өткөрүп бер дегенде көп маселе чечилбейт. Бул убактылуу тартип орношу мүмкүн. Дегеле социалдык саясаттын эң негизги багыттоочу өндүрүшүнө айландырбаса, дагы бир он жылдан кийин ушул бойдон жүрүп отурса мектептер кереги жок болуп калат.
XS
SM
MD
LG