Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:50

15-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Еренак баштаган энесайлык кыргыздардын олуттуу аскер күчү 1679-жылдын 15-июль күнү Красноярск шаарына кол салган. Пишпек аскер, жумушчу жана дыйкандарынын Кеңеши 1918-жылдын 15-июль күнү көп партиялуулукка тыюу салуу маселесин талкуулаган.

Энесайлык кыргыздар менен Сибирдеги орус воеводаларынын арасындагы каршылаштык 1641-жылдын жай айында жаңы чыңалуу чегине жеткен. Энесайлык кыргыздардын чапкынын тыюу максатындай Яков Тухачевский кол топтоп, Уйбат жергесине чапкын уюштурган.

Июль айынын баш ченинде Я. Тухачевскийдин колу Уйбаттын Абакан дарыясына куйган өрөөнүндө кыргыздарга кол салып, башында жеңишке жетишип, олжого туйтунган. Бара-бара кыргыздар абалды теңдеп, орус воеводаларынын колун качууга аргасыз кылган. Айласы түгөнгөн Я. Тухачевский качкан колдун эки тарабына төөлөрдү коюп, кыргыздардын огунан коргонуш үчүн төөлөргө туткун кыргыздарды мингизген. Анткен менен кыргыздар куугунтуктоону токтоткон эмес. Акыры орус колунда чатак чыгып, 15-июль күнү аскерлер Я. Тухачевскийди тоноп Кузнецк тарапты көздөй качышкан.

Энесайлык кыргыздардын орус воеводаларына көрсөткөн каршылыгы Еренактын убагында туу чокусуна жеткен. Кыргыздар менен жунгарлардын биргелешкен колу 1679-жылдын жай айында Красноярск, Енисейк жана башка орус шаарларына чапкын жасашкан. Акыры Еренак баштаган кыргыздардын олуттуу аскер күчү 1679-жылдын 15-июль күнү Красноярск шаарына кол салган.

Еренак шаарды ээлеп алуу максатында Красноярскини бир канча күн камоого алган. Бирок максаты ишке ашпасына көзү жеткен Еренак чет жакадагы айыл-кыштактарга талоончул чапкын уюштурган.

Пишпек аскер, жумушчу жана дыйкандарынын Кеңеши 1918-жылдын 15-июль күнү жыйын өткөргөн. Жыйында көп партиялуулук өлкөгө зыян алып келээри айтылып, коммунисттик партиядан башка партияларды текши таратуу зарылчылыгы күн тартибине коюлган. Мындан тышкары, большевиктик бийликти коргош үчүн колуна курал кармай турган советтерге күн сайын 4 сааттык машыгуу керектиги белгиленди.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана Кызыл аскерлер кеңеши 1932-жылдын 15-июль күнү ташкындоого каршы Чукул чара комиссиясын курган. Жайкы ысыктан улам Ала Тоо мөңгүлөрү эрип, шаарга суу каптоо коркунучу пайда болгон. Чукул чара комиссиясы Ала Арча менен Аламүдүн сууларынын бойлорун бекемдөө ишине киришкен. Сууларга орнотулган дамбалар бекемделип, суу жээктерине казык кагылып, чым төшөлгөн. Жумушчу колунун тартыштыгына байланыштуу Чукул чара комиссиясы шаардык тургундарды бекемдөө ишине тарткан. Жумушка тартылган адамдарга балта, күрөк менен келиши милдеттендирилип, эмгек куралы жок келген адамга 100 рубль айып тагылаары эскертилген.
XS
SM
MD
LG