Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:23

Тажикстанда соңку айларда өлкөдөгү жумушсуздукка, коррупцияга, электр жарыгы менен газдын таңкыстыгына ичи чыкпаган жергиликтүү тургундардын бир нече нааразылык акциялары өттү. Ошол эле учурда көз карандысыз гезиттер да өлкө жетекчилигин барган сайын катуу сындашууда. Калк да, маалымат каражаттары да бийликтин репрессиясынан чоочулап келген Тажикстан үчүн бул - адаттан тыш көрүнүш. Бирок адамдар азыр жогото турган эч нерсеси жок экенин айтышууда.

Быйыл апрель айында президент Эмомали Рахмондун таасирлүү жана банкты башкарган кайниси Хасан Садуллоев белгисиз жагдайда дайынсыз жоголуп, мунун арты ал киши колдуу болгон деген ушак-айыңдар менен коштолгон. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын бул окуяны кеңири чагылдырышы тажиктердин көбү таңкалдырган. Мындай темалар, дегеле президентти, анын саясатын, үй-бүлөсүн сындоо буга чейин тажик журналисттеринин көбү үчүн табу эле. Ал эми эрдик кылып, эрежеден чыгып кеткендер же токмок жечи, же жумуштан айдалчы, же гезити жабылып калчу.

Ушул сыяктуу эле карапайым тажикстандыктар да президент Эмомали Рахмондун өкмөтүнө каршы нааразылыгын ачык айтып чыкчу эмес. Өлкөдө кеңири жайылган жакырчылыкка, жумушсуздукка, коррупцияга карабай Тажикстанда акыркы он жылда кандайдыр бир ири нааразылык акциялар дээрлик орун албады.

Байкоочулардын баамында, тажиктердин мындайды көп каалабаганынын жүйөөсү бир жагынан түшүнүктүү. 1990-жылдардын башында саясий системаны өзгөртүүгө багытталган көчө демонстрацияларынын арты беш жылга созулган жарандык согушка алып келгени белгилүү. Ушундан улам президент Рахмон кандай жөрөлгө киргизгенине карабай, тажиктер ага каршы чыгуудан сак болуп келген.

Чынында эле бул эреже бир нече жылга жарады. Жарандык согуштан кийин президенттик же парламенттик шайлоо болобу, Эмомали Рахмон адилетсиз жол менен жеңип алып жатты. Ал эми өлкөдөгү кирешелүү тармактардын биринен соң, экинчиси анын туугандары менен досторунун колуна өттү. Ошол эле учурда калктын алтыдан бир бөлүгү же эсептөөлөр боюнча бир миллиондой тажикстандык үй-бүлөсүн багуу үчүн Орусияда иштөөгө аргасыз.

Эми азык-түлүктүн баасы асмандап, былтыркы эң ызгаардуу кышта электр энергиясынын тартыштыгынан улам бир нече адам тоңуп өлгөндөн кийин тажикстандыктардын бийликке мамилеси өзгөрө баштагандай.

Рахматулло Валиев - Тажикстандын Демократиялык партиясынын төрага орун басары. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы менен маегинде белгилегендей, тажикстандыктар мындан ары көчөгө чыгуу аркылуу эч нерсени жоготпой турганын жакшы эле аңдап-билип калышты:

- Адамдар бул кырдаалдан чарчады. Жалпы таасир - өкмөт алар үчүн бир нерсе жасоого жөндөмсүз. Адамдар көчөгө өз укуктарын талап кылуу үчүн чыгууда. Жакшыраак жашоону, дурусураак маянаны жана башка ушул сыяктуу нерселерди кааларын айтып жатат.

Айткандай эле акыркы айларда башкаала Дүйшөмбү, Куляб, Хорогдо жана башка шаарларда бир нече митингдер өттү. Адамдар бул үчүн ар кандай жүйөөнү негиз кылууда. "Пара бермейинче мамлекеттик мекемелерден эч бир маселени чече албайсың, жада калса мөөр койдура албайсың" ,- дейт Бадахшандын 22 жаштагы Сафар ысымдуу тургуну:

- Биздин коомду коорупция кыйноодо. Адамдар көптөгөн социалдык көйгөйлөргө кептелүүдө. Эми корко турган эч нерсе жок. Адамдар өз укугун мыйзамдуу жолдор менен талап кылышы керек. Бул -биз үчүн кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу.

Москвада сүргүндө жашаган тажик журналисти Додожон Атавуллонун пикиринде, Тажикстан азыр саясий өзгөрүүлөр үчүн бышып, жетилди. Өзгөчө жаш муун дурусураак жашоого, жакшыраак мүмкүнчүлүктөргө умтулууда.

Көз карандысыз журналисттин оюна тажикстандыктардын көбү кошулчудай. Алардын көз карашында, президент Рахмондун өкмөтү элге жаңы мүмкүнчүлүк тартуулоого жарамдуу экенин көргөзө алган жок. Андыктан алардын колунан келе турган акыркы нерсе - бийликтен кетүү. Элге өзгөрүү тартуулоого жөндөмдүү, жашоону оңдой алатурган лидерлерди тандоосуна мүмкүндүк берүү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG