Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:03
Американын “Forbes” аттуу журналынын жазганына караганда гезитте иштеген журналисттер, радио алып баруучулар, зергерлер менен фермерлер жана программисттер өлүп бараткан кесипке кирерин, ХХ1 кылым акыры бул кесиптегилердин кызматына муктаж болбой каларын маалымдап, ушул сыяктуу өткөн кылым деле бир топ кесиптерди, мисалы, саат оңдогучтар менен гезит тараткычтарды о дүйнөгө узатып салганын, ошого карабай эле аталган кесиптер өлбөй-этпей кайрадан пайда болгонун белгилеп, бирок канткен күндө дагы чындап эле телекөрсөтүүлөр менен электрондук маалымат каражаттарынын күн санап күргүштөп кирип жатышынын натыйжасында биринчи иретте гезит журналистикасы зыян тартарын, ошондой эле интернеттин алдында радиочулар да туруштук бере албастыгын сөз кылган.

“МСН” гезити мындан тышкары Кыргызстандын мектеп окуучулары үчүн 1-сентябрдан тартып бирдей үлгүдөгү мектеп формалары киргизилгенин, бирок ал азырынча кенже класстардын окуучулары үчүн экендигин, Ислам Банкы Кыргызстандын айыл-чарбасына 750 миң доллар көлөмүндө грант бөлгөнүн, бул каражат Чүй менен Баткендин дыйкандарын колдоого жумшаларын, жапон окумуштууларын кыргыздын кымыз, бээнин сүтү, максым шоро, сүзмө, айран, курут, чалап өңдүү гүлазыктары кызыктырып, алар ушулардын кантип, кандай жол менен жасаларына иликтөө жүргүзүп жатышканын маалымдады.

Гезиттин бул санына Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору Сагыналы Субаналиевдин “Жалаң гана жылаңач баатырлар калды” деген аталыш менен интервьюсу басылып чыкты.

Республиканын бул көркөм окуу жайында бүгүн Кыргызстандын эле эмес Өзбекстан, Казакстан, алтургай Германиянын жарандары келип билим алып жатканын, дастанчылар менен ырчылар, комузчулар, кинорежиссерлор менен кинооператорлор, киносценаристтер менен актерлор, театр иликтөөчүлөр ушул окуу жайынан даярдалып чыгарын, акыркы кездери дүйнөдө европалык эмес көркөм чыгармачылыкка кызыгуу өзгөчө күч алганын, ошондуктан кыргыз элинин салттуу музыкалык өнөрүнө басым жасалып жатканын, ошондой эле аталган институтту академияга айлантуу максаты барын, окуу жайында бүгүн айлыгынын өп-чап экендигине карабастан жалаң гана өмүрүн көркөм өнөргө сайган жылаңач баатырлар иштеп калганын белгилеген ректор, жаңы окуу жылынан тартып контракттык төлөмдөрдүн эң аз дегенинин 15 миң сом болушуна окуу жайдын жамааты караманча каршы экендигин, маданият үчүн мындай сумма реалдуу болбостугун, рынок экономикасы көп нерсени аныктарын, бирок акчасы эле бар киши окуй берет деген саясат орносо, анда бул деген сокурлар - видеомонтаждык, дүлөйлөр - үн режисссерлук, аксактар - бийчилик кесипте окуй берсе боло берет дегенди түшүндүрөрүн, демек маданият маселесинде рыноктун тиши өтө албаган көп нерселер бар экенин айтып берген.

“Кыргыз туусу” гезити өткөн жылы Кыргызстанга 1 млн. турист келип, андан түшкөн акча 239 млн. сом болгонун, кийинки кездери Ысык-Көлдүн жээгиндеги жерлерди сатуу бизнеси улам өрчүп, Чолпон-Атадагы жерлер колдон колго өтүп сатылып жаткандыгын, аман калган канча жер калганы алигиче аныктала электигин, жер үлүштөрүн берүүдөгү толгон-токой мыйзам бузуулардын кесепетинен жеке менчикке берүүгө таптакыр тыюу салынган: парк, аялдама, гүлбакча, жол, шаардык пляж аянттары сатылып кеткендигин, мунун артында тургун жетекчилердин мыйзамды жеткире билбегендигин, же билген күндө дагы баарына кол шилтеп, көз жумдуга барып жаткандыгын кабарлады.

Ушул эле Ысык-Көлдүн жылкы заводунун деректири Таалайбек Үчкурткаевдин айтымында, көлдүн күлүктөрү республикалык, эларалык мелдештерге катышып, кадимки спортсмендер сыяктуу эле өлкөнүн намысын коргоп келатканын айтса, саяпкер Нуржанбек Маралбаев өзү таптаган “Патрон” деп аталган жоргосу жорго салышка түшкөн акыркы 5 жылдан бери алдына бир дагы жорго салалектигин, деги эле күлүк таптоонун аркасынан 24 жеңил машина утканын, өзү жорго салдырып баар тапса, уулу ат чаап, Казакстандан “Джип”, дагы бир мелдеште “Волга”, былтыр Караколдогу ат чабышта “Мерседес” машинасын утуп алганын айтып бергенин, ушу кезде Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 9 миллиард кубометрге жеткенин, айыл өкмөт башчыларынын айлык маянасы 9100 сомду чапчып барганын жазып чыкты.

Ушул эле санга белгилүү жазуучу жана таланттуу окумуштуу Бейшенбай Усубалиевдин “Өзөктөгү өрттү өчүрүш керекпи?” деген ой толгоосунун соңку бөлүгү жарык көрдү. Автор макаласында эгер өзүбүз адам өңдүү болсок Ата Журт бизди эч качан таштап кетпестигин, тескерисинче кимдир бирөөлөргө Ата Журтубузду биз өз ыктыярыбыз менен карамта салышыбыз мүмкүндүгүн, ыйык Ата Журттан ажырап калууга биз кыргыздар өзүбүздү-өзүбүз рухий жактан алдын ала таптап жатканыбызды, өз кыртышын көрбөгөн, билбеген кыргыз бир туруп америкалыктарча демократ болуп, бир туруп башка мамлекет жылмайып койсо же кабагын чытыса, “кокуй булар эмне деп ойлоп калышат, көрсө демократия быякта жаткан турбайбы” деп берки жээкке өтө качарын, кулдук сезимди өз ыктыярыбыз менен өзүбүз жаратып жатканыбызды, кыргыздын шоркелдей шору ушунда экендигин белгилүү фольклорчу, окумуштуу Сулайман Кайыповдун окурмандардын кызыгуусун туудурган “Жылга бергис жарым күн” аттуу китебинин алкагында баяндап берген. “Кыргыз туусу” гезити мындан тышкары Түркияга барып келген Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков менен да маек курган.
XS
SM
MD
LG