Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:24

18:20 Быйыл кышта Нарында электр энергиясы тартыш болот


Мындай билдирүүнү бүгүн “Нарын kg” медия борборунда өткөн маалымат жыйынында Чыгыш электр ачык акционердик коомунун Нарын облусундагы филиалынын электр энергиясын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Нарын Гүлчинбаева билдирди. Облуста от казаны менен 3200 түтүн, 676 мекеме анын ичинде мектептер, бала-бакчалар да бар. Булар жылытылса эми бул жылкы кышта алар электр энергиясынан ажыратылат. Өкмөттүн 9-апрелиндеги Токтогул суу сактагычына зарыл болгон сууну топтоо жана калкты күз, кышка даярдоо боюнча 135-токтомуна ылайык облус губернатору дагы 2009-жылдын 1-апрелине чейин от казандарын электр энергиясынан ажаратуу боюнча буйрук чыгарган. Бирок Кара-Кече көмүр кенинде иштеген фирмаларга өкмөттүн өткөн жыл үчүн карызы кечилбей, көмүр толук кандуу казылбагандыктан базарларга көмүр жок. Бул көрүнүш жергиликтүү элди тынчсыздандырып жатканы дагы маалымат жыйынында айтылды. (JI)

XS
SM
MD
LG