Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:12

4-июлдан 15-июлга чейин Саха Республикасында (Якутия) салтка айланган эларалык "Азия балдары" турнири өткөрүлдү. Бул мөрөй талашууга 17 өлкөнүн жана Орусиянын 27 аймагынан 3 миңдей жаш спортчу катышып, кыргызстандык спортчулар 11 медалды олжолоп жеңиштүү келишти.

Кыргызстандан отуздан ашуун спортчу «Азия балдары» эл аралык мелдешине катышып, олжолуу кайтып келишти. Адистердин айтымында, бул мөрөй талашууда 17 жашка чейинки өспүрүмдөр күч сынашып, мелдеш Азия оюндарынын деңгээлинде өттү. Кыргызстандын намысын коргоп келген отуздан ашуун жаш спортчунун катарында жеңил атлетчилер, балбандар, боксчулар жана баскетболчулар болуп, жеңиш менен кайтып келишти.

Өлкөнүн дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо агентигинин жооптуу кызматкери Канат Арпачиевдин айтымында, мөрөй талашуунун жыйынтыктыгында кыргызстандыктар 11 байгелүү болушту.

Жаштар арасында дүйнөнүн мурдагы чемпиону Элдар Деникеевдин уулу жөө күлүк Наил Деникеев үч миң метрге чуркоодо марага үчүнчү келип коло байгени утуп алды. Бишкектик жөө күлүк Богдан Сидеренко 400 метрге чуркоодо маарага экинчи келип, күмүш медаль тагынды. Ошондой эле Богдан 800 метрге жарышта дагы коло байгелүү болду.

Кыргызстандык эки бокс чебери «Азия балдары» эл аралык оюндарында эки күмүш, бир коло байге утуп келгенин өлкөнүн Бокс федерациясынын президенти Абдибакыт Халмурзаев айтып, жаштардын келечеги кең экенин «Азаттыкка» билдирди.

Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде бул «Азия балдары» эл аралык мелдештин таасири дурус болгону менен эмдиги жылы Сингапурда өтө турган жаштар арасындагы Азия оюндарынан кийинки тагдыры бүдөмүк. Орусия, Саха республикасы үчүн гана керек болушу ыктымал.

Эларалык "Азия балдары" мелдеши 1996-жылдан бери өткөрүлүп, жыл өткөн сайын деңгээли жогорулап баратат. Ал эми эл аралык мелдеш катары өткөрүлүп жатканына беш жылга аяк басты.

Мелдештин башкы калысы жана уюштуруучуларынын бири, олимпиада чемпиону кыргызстандык Мария Кулчунованын жолдошу, эркин күрөш боюнча олимпиада чемпиону Павел Пинигин болуп, Мария Кулунованын 50 жылдык мааркеси да ушул мелдеш менен удаа өткөрүлдү. Кезектеги “Азия балдары” эл аралык мелдештери беш жылдан кийин Якутский шаарында өткөрүлмөк болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG