Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:56

Р.МАМЫРОВ: ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ КЫШЫ БОЮ ЧЕКТЕЛЕ ТУРГАНДАЙ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек 1-августтан тарта республика боюнча кайрадан электр жарыгын берүүдө чектөөлөр киргизилгени жатат. Өлкөдөгү энергетикалык кырдаал тууралуу Кыргыз Республикасынын өнөр жайына жана КМШ мамлекеттерине эмгеги сиңген энергетик Райымбек Мамыров “Азаттыктын” айрым суроолоруна жооп берди.

- Райымбек мырза, айрым массалык маалымат каражаттары быйыл өлкөдө электр жарыгы менен камсыз болууда болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктар болот деп жазып чыгышты. Быйыл кышында Кыргызстанда да былтыр Тажикстандагыдай кризис болушу мүмкүн деген божомолдор канчалык жүйөлүү?

- Эми ал кризисти айтаардан мурда азыркы энергетикадагы абал, Токтогул ГЭСиндеги топтолгон суу, Бишкек ТЭЦине алынып келинген отун жөнүндө айтыш керек. Акыркы маалыматтарга караганда, Токтогул ГЭСде суунун көлөмү 9 миллиарддын тегерегинде болуп жатат делет. Же болбосо былтыркыга салыштырганда 2,5 миллиарддан көбүрөөк аз болуп жатат. Бул эми былтыркыга салыштырганда. Эгер мурдагы жылга салыштыра турган болсок дагы беш миллиардга барып калат.

Экинчиден, бүгүнкү күндө атайын программа кабыл алып, ТЭЦ сатыла турган болчу. Ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык жок. Ошондуктан мамлекет менимче жаңы бирөө келип сатып алып, өзү даярдайт деп жатат болушу керек. Алар болсо мамлекетке шылтап жатат. Билбейм, ошондуктан менин билишиме караганда Бишкекте дагы кышка кам болбой жатат. Ошолордун баарын ойлой турган болсок, кышында энергетика тармагында кыйынчылык болот деген сөз менимче туура эле болот окшойт.

Аны Тажикстан менен кандай салыштырган болот? Мен өзүм Тажикстанды барып көргөнүм жок. Бирок маалымат каражаттарына караганда, ал жерде дагы бир топ кыйынчылыктар болгон. Биз дагы ага даярданышыбыз керек. Бул жерде эң жаман нерсеси, менин билишимче, жергиликтүү органдар, же болбосо мамлекеттик мекемелердин ушул кышта электр энергиясы жетишпейт деп жаткан маалда ага даярданбай жатканы болуп жатат. Дагы деле болсо карап отурушат.

- Коомчулукта энергетиктер быйыл, дегеле 2012-жылга чейин агын суулардын азайышы тууралуу маалым болушкан, бирок, бул маселени жөнгө салууда өз убагында аракеттерди көрүшкөн эмес деген сын пикирлер айтылып жатпайбы. Анын үстүнө, учурда Токтогулдагы суу сактагычындагы суу Өзбекстанга берилип жатат деген кептер да жок эмес. Бул канчалык негиздүү деп ойлойсуз?

- Мен эми сурооңуздун акыркысынан баштайын. Токтогул суу сактагычында суу Өзбекстанга сатылып жатат дегенге мен ишенбейм. Ал туура эмес маалымат. Бирок бул суунун азайганы 2006-жылы эле маалымат болгон. 2006-жылы Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн карап, 2007-жылы ошого жараша мамиле кылганда мындай абалга келбейт элек. 2006-2007-жылдары электр энергиясы көбүрөөк экспортко кетип, аны менен катар суу дагы иштетилип кеткен.

Экинчиси, ошол убакта Д.Үсөновдун Ташкентке баргандагы келишими боюнча Өзбекстанга бир топ электр энергияны сатып жиберишкен. Ага окшогон нерселер жасалбашы керек эле.

-Эмне ушундай кырдаалдын түзүлүшүнө жол берген адамдарды бийлик жоопко тартпайт деген суроо туулат.

- Аны мен билбейт экенмин. Аны бийликтеги кишилерге суроо бериш керек го.

- Мына 1-августтан тарта өлкө боюнча кайрадан электр жарыгына чектөөлөр киргизилип жатат. Эми ушундай кырдаал канча убакытка чейин созулушу мүмкүн?

- Биринчиден, Токтогул ГЭСиндеги абал. Сууну 15-16 миллиардка чыгарып алыштын өзү бул беш жылдан ашык убакытты талап кылат. Бирок ошонун тегерегинде жакшы режимдерди колдоно турган маал. 2008-жылга айта турган болсок, менимче 1-августтан баштап апрелге чейин боло турган кырдаал болот болуш керек. Себеби суунун көлөмү, отундун запасы, анын үстүнө өзүңөр билесиңер 1-январдан баштап газдын баасын дагы эки эсе көтөрүлөт окшойт. Буларды эсепке алганда, энергетиктер айтып жаткан 25 пайыз электр энергиясын чектөө кышы бою 1-апрелге чейин улана берет деген ойдомун. Ошондуктан биз азыртан даярданышыбыз керек. Элди да көндүрүшүбүз керек. Андан башка эч кандай арга жок.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG