Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

ЖЕР ОРТОЛУК ЖАНА ЕВРОБИРИМДИК СОЮЗУНА КИМ КАРШЫ?


Амирбек Усманов, Прага Парижде жекшемби күнү Европа Биримдиги жана Жер Ортолук деңизинин боюндагы өлкөлөрдүн саммити өттү. Франция Евробиримдиктин учурдагы төрагасы. Байкоочулар 40тан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышкан бул жыйынды президент Саркозинин дипломаттык ийгилиги катары баалашты. Бирок, Франциянын Жер Ортолук деңизи союзун түзүү демилгесине Евробиримдикке акыркы жылдары кошулган Чыгыш Европа өлкөлөрү куштар эмес.

Евробиримдик жана Жер Ортолук деңизи жээгиндеги 40тан ашуун өлкөнүн лидерлери катышкан Париждеги саммит, талдоочулардын айтымында, Франциянын президенти Никола Саркози үчүн чоң дипломаттык ийгилик. Деген менен, «Эркин Европа/Азаттык» үналгысынын кабарчысы Ахто Лобиякастын пикиринче, саммитте Жер Ортолук деңизи союзун түзүүнү көздөй ишенимдүү кадам ташталдыбы же жокпу, аны убакыт көрсөтөт:

- Париж саммити тарыхка дипломаттык кутум катары киреби же үлкөн бир иштин башталышы катары калабы, аны мезгил көрсөтөт.

Саммит учурунда Израилдин жана Палестин автономиясынын лидерлери Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга мүмкүнчүлүк бар экенин ырасташты. Эки тарап «бир мунасага келүүгө мурда болбогондой жакын», деп билдиришти Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт жана анын палестиналык өнөктөшү Махмуд Аббас. Ал эми Сириянын президенти Башар Асад ырасмий Дамаск «алты айдан эки жылга чейинки аралыкта» Израил менен элдешүүсү мүмкүн экенин билдирди.

Франциянын саммитти пайдаланып, жалаң Жер Ортолук деңизи алкагындагы өлкөлөрдүн союзун түзүү аракети ишке ашкан жок. Буга биринчи кезекте «Барселона жараянын» өнүктүрүү зарыл деген Германия каршы чыкты. 1995-жылкы «Барселона жараяны» Евробиримдик менен Жер Ортолук деңизи аймагындагы өлкөлөр арасындагы кызматташууну жакшыртууну көздөйт. Аталган жараянга карабай, "Economist" журналынын жазышынча, деңиздин түштүк ныптасындагы өлкөлөргө салынган инвестициянын 10 проценти гана биримдикке таандык.

Брюсселдин Жер Ортолук деңизи жээгиндеги өлкөлөргө ашыкча көңүл буруусуна Евробиримдикке кийинки жылдары кошулган Ортолук жана Чыгыш Европа мамлекеттери кыжаалат. Анткени, алар биримдиктен келчү инвестиция азаят деп кооптонушат, дейт «Азаттыктын» Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобиякас:

- Евробиримдикке мүчө чыгыш мамлекеттери жана алардын коңшулары арасында чочулоолор бар. Алар түштүктүк коңшулар Евробиримдиктин коңшу өлкөлөрдөгү саясаты алкагында бөлүнгөн бюджеттин үчтөн экисин алып жатканына нааразы экенин айтышкан. Мындай катаны оңдоо үчүн Швеция менен Польша июнь айында «Чыгыш өнөктөштүгү» деген планды сунуш кылышкан. Бул планды Евробиримдик азырынча ырасмий түрдө беките элек. Бирок, чоң өлчөмдөгү каражат Түштүктөн Чыгыш өнөктөштөргө чегерилбейт.

XS
SM
MD
LG