Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

16-ИЮЛЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстан КП (б) II съезди 1938-жылдын бул күнү ишин бүткөрдү. Союздук Конституцияны өзгөртүү демилгеси Н. С. Хрущевдун башкаруу мезгилинде жасалып, кыргызстандык бийлик өкүлдөрү 1964-жылдын 16-июлунда Москва Кремлинде өткөн жыйынга катышышты.

Пишпек областтык элге билим берүү бөлүмүндө орун алган жосунсуз жорук туурасындагы маалымат, 1925-жылдын жылдын бул күндөрү жалпы коомчулукка маалым болду. Областтык элге билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери «улуттук азчылыктын» кызыкчылыгын коргойбуз деген ураанга жамынып, Кыргызстан аймагынан акча каражат топтоого киришкен. Акыры алдамчыл аракет прокуратура жана күч органдарынын билингенден кийин тыйылып, аларга каршы кылмыш иши козголгон.

Кыргызстан КП (б) II съезди 1938-жылдын бул күнү ишин бүткөрдү. Съездге Кыргызстандагы 3448 коммунисттик партия мүчөлөрүнүн 250 делегаты чечүүчү добуш менен, 2521 партия мүчөлүгүнө талапкерлерден 87 делегат кеңешчи добуш менен катышкан. Партия жыйынында Кыргызстан коммунисттик партиясынын отчеттук билдирүүсү угулуп, анын тегерегинде талкуу жүргөн. Кыргызстан компартиясынын тарыхында экинчи съезд он үч күнгө уланган эң узак жыйын болуп калды.

Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши 1939-жылдын бул күнү «Красная звезда», т. а. азыркы Панфилов паркында Маданият сарайын куруу туурасында чечим чыгарган. Маданият сарайынын долбоору Кыргызстандагы эң ири курулуш катары эсептелинип, анын долбоорун архитектор Г. Сутягин даярдаган. Маданият сарайынын долбоору ар бири 550 жана 200 орундук эки залга бөлүнүп, ал жерде окуу бөлмөсү, гимнастикалык, бий залдары менен кошо суу бассейни орун алмак. Изги саамалыктын жүзөгө ашырылышына бир жарым ай аралыгында башталган II дүйнөлүк согуш кедерге келтирген.

Союздук Конституцияны өзгөртүү демилгеси Н. С. Хрущевдун башкаруу мезгилинде жасалып, кыргызстандык бийлик өкүлдөрү 1964-жылдын 16-июлунда Москва Кремлинде өткөн жыйынга катышышты. Конституциялык жыйынды Н. С. Хрущев өзү жетектеп, анда башкы мыйзамга жалпы референдум өткөрүү жобосу менен союздук республикалардын укугун жогорулатуу маселелери каралган. Бирок Н. С. Хрущевдун бир канча ай өтпөй компартия биринчи катчылык кызматынан алынганына байланыштуу конституцияны түзөтүү иштери жокко чыгарылган.
XS
SM
MD
LG