Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:16

Кубат Чекиров, Прага АКШда "Фанни Мэй" (Fannie Maе) жана "Фредди Мак" (Freddy Mac) деп аталган эки ири ипотекалык компаниялардын абалы кабатыр ойлорду жаратууда. Президент Буш турак-жай рыногун турукташтыруу үчүн бул эки компанияга өкмөттүн каржылык колдоо көрсөтүшүнө Конгресстин макулдугун сурады. Сунуш кылынган чаралар аталган компанияларга жаңы кредиттерди ачууга жана зарыл учурда алардын акцияларынын бир бөлүгүн сатып алууга Каржы министрлигине жол берет. Талдоочулар "Фанни Мэй" жана "Фредди Мак" компаниялары кыйынчылыкка кабылса, анын көп кесепеттери болорун, ал түгүл АКШда ипотекалык кредит системасы токтоп каларын эскертишүүдө. Президент Буш ошол эле учурда өлкөнүн экономикасы төмөндөгөн жок деп билдирүүдө. Эгер бул төмөндөө болбосо, анда эмне? "Азаттыктын" кабарчысы Эндрю Талли бул маселенин чоо жайын Питсбургдагы Карнеги Меллон университетинин профессору, экономист Аллан Мелцерден сураган.

"Азаттык": -Профессор Мелцер айтыңызчы, экономикалык жаңылыктар АКШнын экономикасы кризисте турганын билдиреби?

Аллан Мелцер: - Жок. Булар экономиканын ылдыйлоосунун стандарттуу же популярдуу аныктамасы эмес. Бул турак жай, каржы базары менен гана чектелген ылдыйлоо. Керектөө чыгымдары азайууда, бирок бул жалпы экономиканын абалы начарлап атканын билдирген терс көрүнүш эмес. Жылдын биринчи эки чейрегинде ылдыйлоо болгон жок, эми төртүнчү чейректе болушу деле арсар. Ошентип биз төмөндөгөн жокпуз. Биз бир топ убакыттан бери акырындык менен жогорулоо жолунда баратабыз.

"Азаттык": -Эгер керектөө чыгымдары Кошмо штаттарында экономиканын болжол менен 70 пайызын түзсө, турак жай базарындагы кризистен улам автоунаа, муздаткыч сыяктуу көпкө уруна турган товарларды сатып алууда кыйынчылык келип чыкпайбы?

Аллан Мелцер: - Мен адамдарды сатып алуудан баш тарттырып аткан кредит проблемасы деп ойлобоймун. Бул алардын бюджетине тийиштүү маселе. Башкача айтканда, алар өздөрүнүн бюджетинен баасы кымбаттаган бензинге жана тамак-ашка көп жумшап атышат. Ошол себептүү көпкө керектеле турган товарларды сатып алууга алардын акчасы жок болуп жатат. Энергия кубатына жана тамак-ашка бааларды жөнгө салууга убакыт керек болот.

"Азаттык": - Эгер бааларды жөнгө салуу создугуп кетсе кырдаал дагы кыйындап кетпейби?

Аллан Мелцер: -Мейли, бизде төмөндөө болду деп коелу. Бизде өткөн жарым жылда бир пайыздын айланасында өсүш болду. 1 пайыз менен 1 жарым пайыздын ортосу жакын эле. Бирок ушундай болгонун көрсөткөн айкын белгилер жок.

"Азаттык":-Эгерде биз төмөн кетип жатпаган болсок, анда эмне үчүн көңүл чөгөргөн экономикалык жаңылыктар чыгып атат. Булар экономиканын абалы жөнүндө аша чапкан билдирүүлөрбү?

Аллан Мелцер: -Мен муну айрым бир деңгээлде гана чын деп ойлойм. Эгер сиздин эсиңизде болсо, январь-февралда көп адамдар депрессия жөнүндө айтышкан. Бирок депрессия эмнени билдире турганы жөнүндө алардын так түшүнүгү болгон эмес.

Биз депрессия жөнүндө айтып атканда адатта 1930-жылдары болгон Улуу Депрессияны эстейбиз. Ал учурда калктын 25 пайызы жумушу жок болгон. Азыр жумушсуздуктун көрсөткүчү Кошмо Штаттарда экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки деңгээлден төмөн. Ошондуктан, муну сиз айткандай депрессия деп мүнөздөөгө болбойт. Менин баамымда, сөз негизинен Борбордук банк көп дүрбөлөңгө түшпөй, натыйжалуу чараларды көрүшү жөнүндө болуп жатат.

"Азаттык":- Чынында эле "Фанни Мэй" менен "Фредди Мак" компанияларын кучагына алган кризис азыркы экономикалык ылдыйлоонун натыйжасыбы же себебиби?

Аллан Мелцер: - Бул анын себеби. Эмне үчүн мындай экенин оңой эле билсек болот. Үй курууулар, кыймылсыз мүлк саткан агенттиктер, кредиттик компаниялар ар бир шайлоо чөлкөмүндө бар, алар Конгресске шайлоо өнөктүгүнө кол кабыш кылышкан. Ошондуктан "Фанни Мэй" менен "Фредди Мактын" алдында Конгресстин жоопкерчилиги бар. Конгресс ошол себептүү алардын реформасына каршы болгон.

Конгресс мүчөлөрү банк тармагындагы проблемалар курчуганга чейин жеткирип кечигип көңүл бурушту. Өкмөт дагы ушул кризиске жеткирүү үчүн колунан келгенин баарын жасады деп шектенем.
XS
SM
MD
LG