Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

07:40 Президент Курманбек Бакиев “Ысыката” чакан ГЭСинин ачылышына катышты


Кечээ өлкө башчысы Чүй облусунун Ысыката районуна караштуу Сынташ айылынын жанындагы кубаттуулугу 1,6 МВт “Ысыката” кичи гидроэлектростанциясынын реконструкциялоодон кийинки калыбына келтирилген алгачкы ишке киришүүсүнө арналган иш-чарага катышты. Кыргызстандагы кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясынын жетекчиси Феликс Кулов немецтик өнүгүү корунун инвестициясынын шарапаты менен бул долбоорду ишке ашырууга мүмкүн болгонун белгиледи. Өлкө башчысы өлкөдө ири ГЭСтерди куруу менен катар кичи жана орто энергетиканы өнүктүрүү зарылдыгын айтты. Президент андан кийин Аламүдүн-5 кичи ГЭСинин ишке киргизилишне да катышты. (AJ)

XS
SM
MD
LG