Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:04

«Асаба» жана Коммунисттик партиялардын Жалал-Абат облусундагы бөлүмдөрү ушул таптагы жана келечектеги диний жагдайга санааркашууда. Алар белгилегендей, диндин таасири күчтүү болгон Кытайдын Уйгур автоном республикасы, Ооганстан, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен түштүк аймактарда түрдүү дин уюмдарынын таасири күчөөдө. Алдына саясий максаттарды койгон экстремисттик уюмдарды кубаттагандар да аз эмес. Жарандардын бир бөлүгү христиан-баптисттик уюмдарды жакташат. Диний агымдардын көптүгүнөн алар мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирбейт деп эч ким кепилдик бере албайт деген пикир күч. Облустук бийликтин жооптуу өкүлү болсо диний-саясий кырдаал көзөмөлдө тургандыгын билдирди.

"Асаба" жана Коммунисттер партияларынын облустагы өкүлдөрү ушул таптагы диний жагдайга тынчсызданууда. “Асаба” партиясынын жергиликтүү башчысы Бекмолдо Чотоновдун ырасташынча түрдүү диний агымдар өлкөнүн саясий-экономикалык абалынын чабалдыгынан пайдаланып өөрчүп-өнүгүүдө.

Облуста ислам дининен сырткары, жашыруун иштеген экстремисттик «Хизб-ут-тахрир», христиан-баптисттик-евангелисттик, люттерандык жана католик уюмдары бар. Максаттары жагынан бири-бирине дал келбеген диний уюмдар өлкөнүн өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет:

- Ушулар деле жетиштүү. Кыргыз элинин мусулмандарынын ортосундагы чагымчылыкка да алып келип жатат. Адамзаттын өнүгүшүнө бут тосуп жатат. Тыйып эле салыш керек. Чара колдонбосок биздин экономикалык өнүгүүбүзгө тоскоолдук болуп жатпайбы. А буга окшогон барьердин эмне кереги бар?

Компартиянын Облустук комитетинин бюро мүчөсү Бекболот Ибрагимов сакал-мурутун өстүрүп, тизесине чейин этек жамынган кишилердин динге үгүттөгөнүнөн шектенет. Анын оюнда, билим аркылуу өнүгүүнү ойлогон өлкө мектепке караганда мечиттердин көбөйүшүнө жол бербейт. Өлкөнүн чегарасы жакшы кайтарылбагандыктан Кытайдын уйгур автоном округунан сепаратисттер, Ооганстан менен Пакистандагы талибдерден сабак алгандар жана башка коңшу өлкөлөрдөн жанкечти адамдардын өтүп келүүсүнө да шарттар бар деп айтты Бекболот Ибрагимов:

- «Хизб-ут-тахрир» партиясы, Бен Ладен деген неме Ооганстанда кандай тополоң кылган! Вахавизм деген. Ушулардын баардыгы дабатчыларды уюштуруп жаткандай сезилет. Бүгүнкү күндөгү алардын кылган жоруктары, дабатчылардын адистери, кийим-кечелери биздин кыргыз улутунун келечегине, жаштарга башкача таасир тийгизет. Керек болсо мамлекетибизди өзгөртүп жибере тургандай сезилет.

Социал-демократиялык партиянын облустагы координатору Нурбек Касымбековдун пикирине караганда, дин эркиндиги баш мыйзамда так көрсөтүлгөн. Кайсы динге ишенүүнү ар бир адам өзү тандап алат. Мыйзам бузган диний уюмдар же ичи бузук адамдар ага жараша жооп беришет дейт Нурбек Касымбеков:

- Бул адам укуктарынын негизги укуктарына туура келет. Ага кандайдыр бир чектөө болушу мүмкүн эмес. Бул эркин болуш керек. Андыктан бул жерде өтө тынчсыздануунун кереги жок. Кандайдыр бир коркунучтар болсо атайын тийиштүү укук коргоо органдар бар.

Сузак районундагы Таранбазар айылынын тургуну Жолдошалы Биймурзаевдин байкоосунда дин кайырлык жумушсуздары көп тоо айылдарына жайылууда.

Жашоонун оордугунан айрым адамдардын башка диний уюмдарга киргени кооптуу. Мамлекеттин коопсуздугун сактоого тийиш болгон уюмдардын бул багытта кандай иш-чараларды аткарганы беймаалым, дейт Жолдошали Биймурзаев:

- Өткөндө көрдүм жапжаш балдар сакалды коюшуптур, узун көйнөктөрдү кийишиптир, эшиктерин көк чүпүрөк менен тосуп алышкан экен. Чатак чыгышы мүмкүн. Булардын башка үгүтү бар. Бир таксисти коркутушуптур. "Убагында намазга барбасаң, сакал койбосоң, биз сени өлтүрүп койсок бейишке барабыз" дептир. Муну мага Кайыпбек деген таксист айтты.

Өзүн-өзү башкаруу уюмдарынын Жалалабат облусундагы өкүлү Калдарбай Шамшидиновдун айтымында ислам динин байыр туткан түштүк эли мусулманчылыкты үйрөтүүгө муктаж эмес. Диний экстремисттик жана террорчул уюмдар бийлик үстөмдүгүнө жетүү үчүн тымызын аракеттенүүдө, деген оюн билдирди Калдарбай Шамшидинов:

- Дабатчылар көрүнгөн үйгө кирип, уруксаты жок эле силер динге киргиле дейт. Дабат эмне экенин өздөрү билишпейт.

Жергиликтүү бийликтен алынган маалыматка караганда, облуста 465 мектеп жана 440 мечит бар. Диний экстремизм жана диний араздашуу күчөп жатат деген тынчсыздануу жүйөөсүз. Диний уюмдардын иш-аракети мамлекеттик ишканалардын көзөмөлүндө турат. Мындай жооп облбийликтин укук коргоо уюмдары боюнча бөлүм башчынын орунбасары Муса Эргешовдон алынды деп айтты Муса Эргешов:

- Бизди тынчсыздандырган региондор бар. Мисалы, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондору. Биз учурда алар менен тыгыз иш жүргүзүп жатабыз.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG