Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

Шайлообек Дүйшеев, Бишкек “Фергана.Ру” маалымат агенттиги “Кыргызстандын бийлиги энергетика проблемаларын өз элинин эсебинен чечкиси келүүдө” деген макала жарыялады.

Анда Кыргызстандын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары боюнча министрлиги жакында өз элине, келе турган кышка карата электр энергиясы менен жылый турган үйлөрдү көмүргө которууну, электр энергиясын бөлүштүрүүчү компанияларга ушул жылдын 1-августуна чейин электр жылыткычтары менен жабдылган үйлөрдүн баарынын электр жабдууларынынын иштөөсүнө тыюу салып, печаттап чыгууга көрсөтмө бергенин, ал 2009-жылдын 1-апрелине чейин же от жагуу сезону бүткөнгө чейин улантыларын кабарлады.

Акүй аткаминерлери муну менен эле тим болбостон электр энергиясын ой келгендей өчүрмөй өнөкөтүн жакындап келаткан август айынан баштаганы турат. Энергиянын минтип башка тартса этеги ачылган жагдайын суунун тартыштыгы менен түшүндүргөн адистердин айтуусу боюнча Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү азыр 9 миллиард кубометрден ашып калды. Бирок кыштан аман-эсен чыгыш үчүн жок эле дегенде бул суу көлмөсүндөгү суунун көлөмү 12 миллиард кубометрге жетиши керек. “Фергена.Ру" маалымат агенттиги билдиргендей, ошентип Кыргызстан бир эле жыл мурда электр энергиясын кайда жумшаарын билбеген өлкө болсо, бүгүн энергиясы таңсык өлкөгө айланганын, байкоочулар мунун себебин электр энергиясына болгон талаптын өсүшү жана СССРден калган электр жабдууларынын эскиришине шылтап келатканын, бирок эскирген жабдууларды жаңыртып коюш үчүн манжаларын да кыбыратып койбогонун, өкмөтү болсо бюджетте буга акча жок деп алаканын жайып тим болорун, ошол эле учурда электр энергиясын уурдап жагуу миллиондогон долларды түзөрүн, суу маселесин чечүүдө коңшу Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан менен болгон Кыргызстандын мамилеси да барган сайын адам жыргатарлык болбой баратканын, анан какаганга муштаган кылып кыргыз бийлиги өзү чече турган проблемалардын баарын элге сала берди кылып, эл эсебинен чечкенге кынык алып бүткөнүн, мунун айкын мисалы катары, электр энергиясын өткөн жолку күндүр-түндүр ойкелгендей өчүрүү болгонун, ошондо ооруканалар менен мектептер, атургай эзели өчүүгө тийиш болбогон өлүк сактоочу жай да жарыксыз калганын, ошол эле булактар Акүй аткаминерлеринин үй-жайы, дачалары, алтургай дааратканалары да бир секунд жарыксыз калбаганын, эми августан баштап да так ушундай болорун жазды.

“Замандаш” маалымат агенттиги ушу тапта тээ илгерки Сибирь дайраларын Борбор Азияны көздөй буруу идеясы кызуу талкуулана баштаганын белгилеп, бул чөлкөмдө ирригациялык каналдардын жана суу түйүндөр системасынын таланып-тонолуп, бузулушуна байланыштуу бир кездеги Арал деңизине жетүүчү суунун 60 пайызы жолдо жок болорун, ошентип денеси кургаган Аралдын шор топурагы шамал менен абага тарап, андан Ала Тоонун мөңгүлөрүн каптап, ээритип, жеп, түгөтүп келатканын, Кумтөрдүн алтыны менен байымакчы болгон кыргыз бүгүн Ысык-Көлдөгү ак кар, көк муз баскан Ак Шыйрак мөңгүсүнөн ажыраганын, кокус бул жылы да кыш катуу болсо, ансыз да буга чейин электр менен жан баккан эл массалык түрдө бак-дарактар менен токойлорду тоногонго өтөрүн, анан токойсуз калган кыртыштын чаңы кайрадан шамал менен мөңгүгө барарын, ошентип мөңгүлөрдүн ылдам жоголушуна алып келерин айтып чыкты. Бир жагынан коңшулардын көйгөйүн түшүнсө болот. Анткени Өзбекстан суунун 94 пайызын, Түркмөнстан суунун 98 пайызын сырттан “импорттойт”.

“Мөңгү” деп аталган коомдук фонддун президенти Үрүстөм Кабылбековдун айтымында, Борбор Азия элин суу гана бириктириши мүмкүн, ошол эле учурда Сибирь дайраларын Борбор Азияны көздөй агызуу идеясы орус коомчулугу тарабынан катуу сынга кабылууда, кыскасы сууга байланышкан проблемалардын баары күзүндө өтө турган “Мөңгү Борбор Азия аймагындагы ден-соолуктун, энергия менен туруктуулуктун, суунун булагы” деп аталган эл аралык форумда талкууга алынмакчы.

Ошентип, кургакчылык Борбор Азиянын айрым райондорун кайрадан баш ооруга айлантты. Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында болуп өткөн конференцияга 40тан ашуун өлкөнүн жана 30га жакын эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, “Суу тартыштыгынын кесепети туруктуу өнүгүүгө олуттуу таасир тийгизет” деген маселени талкууга алганын “Евранет” маалымат агенттиги кабарлады. Тажик президенти Эмомали Рахмон сөз сүйлөп Тажикстан менен Кыргызстан аймактагы суу башы экенин, Борбор Азиядагы суунун агымынын 60 пайызын жалгыз Тажикстан түзөрүн, бирок тилекке каршы мурдагы жылдарга салыштырганда суу көлөмү азайгандыктан, эзели суу тартыштыгын сезбеген Дүйшөмбү шаары да суу азабын тарта баштаганын айткан. Ал эми Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсеби боюнча суунун азабынан 300гө жакын адам каза болуп, өлкөгө 65 млн. доллардан ашуун зыян келген.

“Централ Азия” жаңылыктар агенттиги да суу маселесине арнаган макаласында ушул жылдын 13-июнунда Казакстан менен Өзбекстандын айылчарба министрликтеринин деңгээлинде макулдашуу болгонун, ага ылайык Өзбекстандан сатылып алына турган 500 млн. киловатт саат электр энергиясынын акысы үчүн Казакстанга 600 млн кубометр суу берилип турары каралганын, мына ушул макулдашуунун кынтыксыз аткарылыш үчүн бул эки өлкө Кыргызстан менен активдүү иштөөлөрү керектиги айтылганын сөз кылып, бирок Өзбекстан Бишкек электр энергиясынын бир киловатт сааты үчүн 8,5 центтен сурап жатат деп казактарга бере турган 500 млн. киловатт саат электр энергиясын берүүдөн баш тартканын жазып чыкты. Бирок электр энергиясына Кыргызстан талап кылып жаткан баа дүйнөдө жоктугун, Бишкек мунусун Өзбекстан өлкөгө берип келаткан газынын баасын 4-5 эсеге көбөйтүп жибюергенине байланыштырып жатканын кошумчалады.

Кыргыздар электр энергиясынын баасын казактар үчүн да көтөрүп, бир киловатт саатын 4,5 центтен кылганын, бирок электр энергиясын орточо 3,2-3,5 центтен пайдаланып келген Казакстан үчүн Кыргызстандын койгон бул баасы кымбат экенин, андыктан ага макул болуу мүмкүн эместигин, Бишкек ушундай жол менен өзүн өзү туңгуюкка кептеп жатканын, анткени Кыргызстан Казакстанга берген энергия акысы үчүн 300-350 миң тонна көмүр аларын жакшы билерин, бирок билип туруп ушуну жасап энергия баасын 0,4 центке көтөргөнүн сөз кылды. Бирок кандай болгон күндө да Казакстан коңшү өлкөлөрдүн суусуна көз каранды. Ошондуктан суу маселесин чечүү көп жагынан кылымдап коңшу жашап келаткан 4 өлкөнү башкаргандардын акыл-эс даражасына байланыштуу болорун белгилеген казак тарап сууну саясаттын куралы катары пайдаланууну токтотуу керектигин, мындай жол эч бир өлкөгө жакшылык алып келбестигине да көңүлдөрдү бурган.
XS
SM
MD
LG