Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Дүйнө коомчулугунун көңүлүн борборунда турган Бээжин олимпиадасынын ачылышына саналуу гана күндөр калды. Кыргызстандык спортчулардан экинчи болуп Бээжин Олимпиадасына жолдомо алган эркин күрөш боюнча Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алексей Крупняков. Адистердин айтымында, ал да Олимпиаданын баш байгесине талапкер болушу толук ыктымал. Себеби Алексей жакында эле Польшада өткөн эл аралык Гран-при мелдешинде алтын байгенин ээси болду. Бээжинде өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга балбан Алексей Крупняковдун даярдыктары кандай?

Кыргызстандык спортчулардан Бээжин олимпиадасына экинчи жолдомону былтыр күзүндө эле Бакы шаарында өткөн эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Азия чемпиону Алексей Крупняков жеңип алган.

Баралына келип, отуз жашка толуп турган Алексей Крупняков сегиз жылдан бери Кыргызстандын намысын коргоп келатат. Ошондой эле Алексей былтыр Бишкек шаарында өткөн Азия чемпионатында бардык атаандаштарын утуп, Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынган. Ал эми 2005-жылы Будапештте өткөн дүйнө чемпионатында коло медалдын ээси болгон.

Эркин күрөш менен машыкканына он алты жылдан ашты. Ата-энеси Орусиянын Красноярски шаарында жашайт. Чынында эле Орусиядагы биринчи орундагы балбандардан ага жол тийбестигин түшүндүрүп, Алексей Крупняковду Кыргызстанга алып келген өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев болгон. Ошондо сегиз жылдан бери Кыргызстандын атуулдугун алып, 96 кг. салмакта Кыргыз Республикасынын намысын коргоп келатат.

Азия чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси Алексей Крупняков алдыдагы максаты - Бээжин олимпиадасында Кыргызстандын намысын коргоп, байгелүү орунга жетүү экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Былтыр Бакыдагы дүйнө чемпионатынан Бээжин олимпиадасына катышууга жолдомо алгандан бери үзбөй машыгуудамын. Ысык-Көлдө магышуу жакшы натыйжасын берүүдө. Жакында эле Польшада өткөн мелдешке да барып, баш байгени утуп алдым. Учурда Польшада биргелешкен машыгууларга катышып жатам. Эмки максат - Бээжиндеги олимпиадалык оюндарда мөрөй алып, байгелүү орунга жетүү.

Кыргызстандын олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун айтымында, Бээжин олимпиадасында кыргызстандык балбандардан үмүт зор, бирок Алексей Крупняковдун салмагындагы атаандаштары абдан күчтүү:

- Айрыкча эркин күрөштөн Алексей Крупняков баш байгеге талапкерлердин бири болушу мүмкүн. Бээжин олимпиадасында эркин күрөштөн балбандарыбыз Арсен Гитинов, Алексей Крупняков жана жашында таанылган ушул Базар Базаргуриев байгелүү орундарга жетип калабы деген үмүт чоң. Спорт деген спорт да, ар кандай күтүлбөгөн кубанычтар болушу ыктымал. Бирок Алексейге өзгөчө кыйын, оор болчудай. Анын атаандаштары дүйнөлүк атак-даңкка жеткен балбандар. Бээжинде багын сынап көрөт да.

Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаевдин пикиринде, Азия чемпиону Алексей Крупняковдун Бээжин олимпиадалык оюндарына даярдыгы жакшы. Ал учурда Польшанын Варшава шаарында магышуусун өткөрүүдө:

- Жакында эле Польшада эркин күрөш боюнча эл аралык Гран-При мелдешинде 30дан ашуун өлкөнүн балбандары күч сынашып, бул мелдешти кыргызстандык Алексей Крупняков финалга чейин жетип, алтын медаль тагынды. Эми Алексей учурда Польшанын Варшава шаарында акыркы машыгуусун өткөрүп жатат. Ал 10-августта Бишкекке келип, Ысык-Көлдө бир жумадай акыркы машыгууларды өткөрүп, табын, күч-кубатын, формасын сактайт. Бээжинге 17-августта күрөшөөргө жакын калганда гана барат. Учурда ал табына келип турган чагы. Ошондуктан Бээжинде балбаныбыз Алексей Крупняков баш байгеге талапкерлердин бири болушу толук ыктымал.

Атап айтсак Алексей Крупняков жашынан эле эл аралык аренада таанылып, 1996-жылы уландар арасында дүйнө биринчилигинде коло байгелүү болгон. 1998-жылы Македонияда өткөн жаштар арасындагы Европа чемпионатында алтын медаль тагынган. Ошол 1998-жылы АКШда өткөн дүйнө кубогунун жеңүүчүсү аталган.

Кыргызстандын атуулдугун алгандан бери 2002-жылы Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн 14-Азия оюндарында сыркоолоп калганына карабай финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон. 2003-жылы Иранда өткөн Азия чемпионатында экинчи орунду камсыз кылган.

Алексей Крупняков 2004-жылы Афинада өткөн жайкы олимпиадалык оюндарга да катышкан. Ал Польшада, Германияда, Орусияда өткөн эл аралык Гран-при мелдештеринин жеңүүчүсү.

Бээжин олимпиадалык оюндары спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча өткөрүлмөкчү. Ал эми кыргызстандыктардын үмүтүн жандырган эркин күрөш таймашуулары 19-августта башталып, 21-августта жыйынтыкталат.

Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын намысын үч балбан коргойт. Алар: Азия чемпиондору Базар Базаргуриев менен Алексей Крупняков жана Сидней олимпиадасынын күмүш байге ээси Арсен Гитинов.

Солдон оңго Мелис Турганбаев, Алексей Крупняков жана Ишхан Чатуев.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG