Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

15:28 Кыргыз президентинин Москвадагы иш сапары башталды


Бул иш сапардын алкагында Курманбек Бакиев орус президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, тараптар анда эки өлкө ортосундагы кызматташтык маселелери талкууланмакчы. Жолугушууда кандай маселелер каралаары азырынча так айтыла элек. Өлкө башчысы менен Москвага чогуу барган президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жолугушуу ушул сааттарда башталганы турат. Айрым серепчилер бул жолугушууда азык-түлүк коопсуздугуна жана энергетика байланыштуу маселелер талкууланышы ыктымалдыгын боолголошууда. Москвадагы кыргыз элчиси Райымкул Аттокуров кыргыз президентинин бул иш сапары он күн мурда Астандагы жолугушууда макулдашылганын “Азаттыкка” билдирди. Иш сапар бүгүн соңуна чыгат. (SM)

XS
SM
MD
LG