Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

ПАРЛАМЕНТ ТӨРАГАСЫНЫН ҮГҮТҮН СЫНДАГАНДАР КӨБӨЙДҮ


Белгилүү болгондой Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаев Баткенге жасаган сапарында, Курманбек Бакиевди 2010-жылы 95 пайыз менен президенттикке шайлоого элди үгүттөгөн эле. Баш мыйзамчынын мындай кадамын бир катар оштуктар жеткен сабатсыздык, кошоматчылык катары баалашууда. Жергиликтүү бийлик башчылары спикердин сөзүн комментарийлөөдөн тайсалдашууда.

Түштүктү түрө кыдырып жүргөн «Ата-Мекен» партиясынын жол башчысы Өмүрбек Текебаев белгилешинче, Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаевдин Баткендеги үгүтүнөн кийин алдыдагы президенттик шайлоого мөөнөтүнөн мурда старт берилди.

- Жогорку Кеңештин төрагасы өлкөдө кызматы боюнча экинчи адам. Демек, анын батасы менен шайлоо кампаниясы эки жыл мурун башталып кетти деп эсептесек болот. Балким “Ак жол” партиясынын Бакиевдин айлансында баткендиктерди жана республиканын башка калган бөлүгүн бириктирүүгө башка айласы жоктонбу дейм.

Оштогу «ЭлУк» бейөкмөт уюмунун төрайымы Басира Сулайманова президентти Жогорку Кеңеш төрагасы Айтибай Тагаев эмес эл өзү тандайт деген ойдо.

- Жогорку Кеңешибиз эл өкүлдөрүнүн бийлиги деп эсептейбиз. Деңгээлинин, түшүнүгүнүн өтө пастыгы болуп жатат. Анан баланча-түкүнчөнү шайлагыла деп үгүттөөгө иш ылайык келбейт. Эл өзү тандасын.

«Асаба» партиясынын мүчөсү Төлөн Дыйканбаев айтмакчы, «Өлкө башчысы Бакиев парламент жетекчиси Тагаевдин Баткендеги жоругуна өз позициясын билдирүүгө тийиш. Антпесе, эртең эле аны өмүр бою президенттикке шайлайбыз деп жолдон адаштырчулар табылат»

- Бакиев президент катары, Конституциянын гаранты катары өзүнүн көз карашын билдирип коюш шарт эле. Бүгүн ошондойду айтса, эртең дагы өмүр бою калсын дейбизби.

Президент Бакиевди башынан колдоп келаткан «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Оштогу штаб башчысы Манас Эргешов спикер Тагаев бийликке кошомат уруп, эл укугун тебеледи деп эсептейт.

- 2010-жылга чейин дагы убакыт бар. Курманбек Бакиев өзүн көрсөтсө балким кайра шайланып калаар. Айтибай Тагаевге окшогондор алдын алып колдоп бериңиздер дегенге мен кошулбайм. Бул деген сабатсыздык. Одоно мыйзам бузуучулук. Элдин укугун тебелеп жатат деп да айтса болот. Айтибай Тагаев парламенттин жетекчиси болгондон кийин бийликке жасакерлик кылып, күн мурунтан үгүттө жүргүзгөнү туура эмес.

Ош облус губернатору Аалы Карашев «Ак жол» партиясынын май айындагы активинде жеке кызыкчылыгын ойлогон айрым мансапкорлор «Ак жолго» мүчө болгондугуна күйүнүп, алардан арылууга мезгил жетти деген пикирин жарыя кылган эле:

- Өзгөчө маанилүү маселелердин бири катары партиянын мүчөлөрүнүн тазалыгы тууралуу маселеге токтоло кетүүнү зарыл деп эсептейм. Тилекке каршы "акжолчулардын" катарында жеке кызыкчылык карьера үчүн кирип калгандар да жок эмес. Чечкиндүү аракеттерди көрүүнүн мезгили келди десем жаңылышпайм.

Дале болсо Аалы Карашев бул пикиринен тая элек. Бирок облустук бийликтин башчысы Жогорку Кеңеш төрагасынын Баткендеги кебин комментарийлөөдөн мындайча баш тартты:

- Жогорку Кеңештин төрагасы - мамлекеттеги мыйзам боюнча экинчи киши. Эми ал киши кандай деп айтканын мен укканым жок. Менимче, мен ага комментарий беришим туура эмес болуп калат го.

XS
SM
MD
LG