Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:32

ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕ ТЫНЧ МИТИНГ ӨТКӨРҮҮ УКУГУН АЛДЫРГЫСЫ КЕЛБЕГЕНДЕР КӨП


Ырысбай Адыраимов, Жалал-Абат Жалал-Абат облусунда жарандык коомдун өкүлдөрү элдин куралсыз тынч жыйналууларына чектөөлөр коюлбашы керектигин айтышууда. Алардын байкоолорунда эл митинг, пикетке мүдөө-талаптары аткарылбай, укуктары басмырланып, бийлик ээлери алардын талабына кулак төшөбөй калганда чыгышат. Облустагы адам укугун коргоочу уюмдары элдин тынч митинг өткөрүү укуктарын чектеген мыйзамга президенттин кол койбоосун өтүнүшкөн. Мыйзамдын демилгечиси депутат Исхак Масалиевдин белгилешинче, өлкө бүтүндүгүн сактоо үчүн митингдер сөзсүз чектелиши керек.

Буга чейин облустагы адам укугун коргоо уюмдары депутат Исхак Масалиев даярдаган элдин куралсыз тынч жыйын өткөрүүсү жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизүү долбооруна президенттин кол койбоосун өтүнүшкөн. Аталган маселе коомчулукта кызуу ой-пикирлерди жаратууда. Сузак районунан Садирбай Болотбеков карыянын пикири боюнча, жарандар көйгөйлөрү чечилбей, ага кайдыгер мамиле жасалып, бийлик ээлери маселесине кулак төшөбөй койгондо гана митинге чыгууга аргасыз болушат.

- Парламенттин алдында, Акүйдүн алдында мекемелерди өткөрбөсө, анда биздин демократиябыз кайсы? Ал туурабы же туура эмеспи? Адам укугун чектөө эмеспи.

Жалал-Абат шаарынын тургуну Жамийла Орунбаева баш мыйзам өзгөртүүлөрдө жана кийинки мыйзамдар кабыл алынганда коомчулуктун пикири эске алынбай калганын эстетти. Анын боолгошунча табигый кен байлыктарын менчикке берүүгө жол ачкан мыйзамды коомчулук билбей калды. Ушул таптагы күн санап өскөн кымбатчылык менен эмгек акынын жашоо талабына дал келбегени нааразылыкты күчөтүшү мүмкүн. Маяналар менен пенсияга болгон 10-15 пайыздык кошумчалар кымбатчылыкты ооздуктоого кудуретсиз,– деген оюн айтты Жамийла Орунбаева:

- Кыргызстандын жер байлыктары, ресурстары, алтын кен байлыктары бардыгы жеке кишиге өтөт дегенге өтө каршымын. Андыктан митинг керек.

Бирок мындай көз караштарга депутат Исхак Масалиев кошулган жок. 2005-жылкы март ыңкылабы менен кийинки элдик толкундоолордун айырмасы чоң. Масалиевдин белгилешинче өлкөнүн бүтүндүгүнө шек келтирген 2006-2007-жылдары Бишкекте өткөн ноябрь, апрель митингдери ал тууралуу мыйзамды жаңылоого түрткү болгон. Үч жылда өлкөдө төрт миңден ашык митинг болуп, ал республиканын экономикасы менен саясий стабилдүүлүгүнө кыйла зыян тийгизген. Мыйзам долбоорунда саясий акцияларды административдик жана өнөр жай, аскер, чек ара имараттарынан 30 метрден ары жакта өткөрүү жагы каралган, элдин чогулушуна биротоло тыюу салынган эмес, деп айтты Исхак Масалиев:

- Коркунуч бар. Беш миңден жогору адам аянтта топтолсо, муну эч ким токтото албайт. Уюштурган топ да токтото албайт. Март 2005-жылдын табийгаты таптакыр башкача болгон. Ал жерге жүздөгөн жерлерден, райондордон Бишкекке топтолгон болчу. Шайлоо бул себеп болгон. Негизи 15 жылда топтолуп кыжыры кайнап анан чыккан. Ал эми митингде тартип болуш керек. Бул жерде демократия деген сөз жок. Мен демократиянын колдоочусу эмесмин. Бишкектеги митингдин мазмунун көрүп жатам ал жерде коркунуч чоң. Эки региондун өкүлдөрү урушуп кетиши мүмкүн.

Депутат Исхак Масалиев жашоого зарыл каражаттардын баасы туташ көтөрүлгөндө элдин нааразылыгынан айрым күчтөр пайдаланып кетүүсү мүмкүн экендигин да жашырган жок.

Облус тургуну Ашым Төрөбеков март ыңкылабынын талаптары аткарылбай, ошондо бийлик үчүн жан үрөгөндөрдүн үмүтү акталбай калганын айтат:

- Балдар жыңайлак, баткакта жүрүшкөн. Булардын эмгеги бар. Бирок, биздин элибиз ушунчалык муктаж. Каякка кетип жатат? Элдин үмүтү өлдү.

XS
SM
MD
LG