Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:03

Пакистандагы ич ара атаандаш жихадчы топтор коңшу Ооганстанда НАТО жана АКШ күчтөрүнө каршы биргелешип күрөшүүнү макулдашкан. Бул тууралуу "Ассошейтед Пресс" агенттиги кабарлады. Мындай макулдашуу чын эле орун алса, андан Ооганстандын чыгышындагы коопсуздук кырдаалына кандай таасир тийиши мүмкүн?

Үч жүздөй жихадчы катышкан жыйын июнь айынын башында Пакистан армиясынын баш кеңселери жайгашкан Равалпинди шаарында өткөн. "Ассошейтед Пресс" агенттигинин кабарчысы Кэти Геннон айымдын "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна билдиргенине караганда, чогулган согушкерлердин көбү - мындан бир нече жыл мурда талаштуу Кашмир аймагында Индиянын аскерлерине каршы күрөшүү үчүн Пакистандын чалгын кызматтарынын жашыруун колдоосу менен уюшулган исламчыл топтордон.

"Ассошейтед пресстин" кабарчысынын айтымында, жолугушууда атаандаш жихадчылар ич ара карама-каршылыктарын чечүүнү, НАТО жана АКШ күчтөрүнө каршы күрөшүү үчүн Ооганстанга согушкерлерин жөнөтүүнү макулдашкан:

- Мен бул жыйын тууралуу бирөөдөн уктум. Эки жолу текшердим. Андан соң ошол жолугушууга катышкан согушкерлердин бирин таптым. Жыйын "ал-Бадр" мужахедин тобунун кеңсесинде өткөн. Бул жерде ошондой эле "ал-Каида" менен байланышы бар "Жайиш–е Мохаммед" жана "Лашкар–е Таяаба" өңдүү уюмдар да келген. Бул эки топко тең расмий түрдө тыюу салынган, бирок алардын согушкерлери ишин улантууда. Бул жерде "Хизб–ул-Мужахедин" тобунан да болушкан.

Алдыда айтылган "ал-Бадр" тобу, маалыматтарга караганда, 1990-жылы Пакистандын чалгын кызматтарынын кийлгишүүсү менен уюшулган. Анын согушкерлери Ооганстанда мурдагы премьер-министри Гульбеддин Хекметиярдын "Хизб-е-Ислами" тобунун катарында согушкан. Качан Кабул Талибандын көзөмөлүнө өткөндөн кийин Пакистандын чалгын кызматы анын өз алдынча аракеттенүүсүн колдогон. Эми болсо "Ассошейтед Пресстин" Пакистандагы кабарчысы Кэти Геннондун айтымында, ошол топтор кайра биригүүдө:

- Иш жүзүндө жыйындын үч себеби болгон. Бири каза тапкан жихадчылар үчүн алар өч аларын айтуу эле. Бири согушкерлерди биримдикке чакыруу.Ошондой эле "Жайиш–е Мохаммед" жана "Лашкар–е Таяаба" топтору ортосундагы пикир-келишпестикти чечүү. Баарыдан мурда жыйындын максаты Кашмирдин Индия бөлүгүндө алар жүргүзүп жаткан уруш али да маанилүү экендигине басым жасоо эле. Бирок эми согушкерлердин бириккен тобу катары алардын күрөшүнүн борбору–Ооганстанда, АКШ жана эл аралык күчтөргө каршы болмокчу.

Маалыматтарга караганда, быйылкы жылы эле эки ирээт өткөн мындай жыйындын таасири Ооганстанда сезиле баштады. АКШ армиясынын билдиргенине караганда, өлкөнүн чыгышындагы кол салуулар былтыркы жылга салыштырмалуу 40%га көбөйдү. Соңку эки ай катары менен Ооганстанда каза тапкан чет элдик аскерлердин саны Ирактагыдан көп болду. Ушул жекшемби күнү эле чыгыш Ооганстанда америкалык тогуз аскер каза таап, 100дөн ашуун согушкер Кунар жана Нуристан провинцияларынын чек араларында жаңы курулган көзөмөл бекеттин дубалдарын бузуп салышты.

Пентагон өткөн айда жарыялаган отчетто Ооганстанда террордун кош коркунучу бар экени көргөзүлгөн. Кандагар жана Гилменд өңдүү түштүк провинцияларда Талибандын коркунучу уланып жатса, отчетто белгиленгендей, өлкө чыгышында курамы татаал козголоңчулар аракеттенүүдө.

Козголоңчулар коңшу Пакистандагы шериктеринен колдоо алып жатканы жөнүндө акыркы кездери ооган өкмөтү да улам катуураак айтууда. Президент Хамид Карзай жанкечтилердин жардырууларынын жана башка чабуулдардын, анын ичинде Индиянын Кабулдагы элчилигине ондогон адамдардын өмүрүн кыйган кол салуу үчүн ушул дүйшөмбүдө Пакистанды тикелей айыптады. Ал эми Пакистандын премьер-министр Юсуф Раза Гилани ооган тараптын ырастоолорун четке какты.

Бул аралыкта АКШ президенти Жорж Буш Вашингтон Карзайдын Пакистанга карата айыптоолорун иликтөө үчүн Ооганстандын чалгын кызматтары менен иштешерин билдирди. Ал ошондой эле мурдаа күнү журналисттерге бул маселени келерки апта Пакстандын премьер-министри менен жолукканда көтөрөрүн айтты:

- Экстремисттердин бир бөлүгү Ооганстанга Пакистандан кирип жатканында талаш жок. Бул бизди, Ооганстанда камтамага салууда. Ошондой эле Пакистанды да тынчыздандырышы керек. Биздин душманыбыз бир. Алар - демократияны үзгүлтүкө узартуу же анын орун- очок алышына жол бербөө үчүн кыянатчылыкка барган экстремисттер. Биз "ал-Каидага" бүткүл дүйнө боюнча, анын ичинде Пакистанда да катуу сокку урдук. Ага пакистандык досторубуз менен бирге кысым көргөзүүнү улантабыз. Мен Пакистан өкмөтү алардын өлкөсүн көздөй каптап жаткан экстремисттер туудурган коркунучту түшүнөт деп үмүттөнөм. Менимче, алар бир нерсе жасап жатса керек. Бизде бул маселени келерки дүйшөмбүдө Пакистандын премьер-министри менен андан ары иликтөө мүмкүнчүлүгү болот.

Кошмо Штаттардын Тышкы байланыштар боюнча кеңеш дп аталган бейтарап уюму ушул айдагы отчетунда Пакистанды АКШнын "стратегиялык досу" деп мүнөздөгөн. Бирок ал маал-маалы менен коопсуздук жагынан кыжырды келтирген маселелерди, өзгөчө Ооганстан менен чектеш, уруулар жашаган аймактарда чечүүнү "каалабасын" же буга "жөндөмсүздүгүн" көргөзүп жаткандай.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG