Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Муса Мураталиев, Москва Орусиянын тышкы саясатындага жаңы концепцияны президент Дмитрий Медведев шейшемби, 15-июль күнү бекитти. Президент өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинде өткөрүлгөн дипломаттардын чоң жыйынында чыгып сүйлөп, эл аралык мамилесин Москва идеологияга көңүл бурбай, өзгөчө эптүүлүк менен уюштура тургандыгын белгиледи. Орусиялык лидер тез өнүгүп бара жаткан Кытай, Индия, Бразилия сыяктуу өлкөлөр менен кызматташууну өнүктүрүү биринчи кезектеги иш болорун айтты. Медведев дагы бир жолу Орусия абадан болуучу ракеталык чабуулга каршы экенин жана АКШнын Европага куруп аткан системасына адекваттуу мамиле болорун белгилеп, ошону менен катар Косовонун эгемендүүлүгү эл аралык эрежени бузуу жолу менен ишке ашкан деди.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги ар жыл сайын чет мамлекеттерде иштеп жүргөн элчилери менен өкүлдөрүн чогултуп, алар өтөй турган ишке багыт берип турат. Андай акыл-насаатты президент айтып өтөт. Ошондой чогулушка быйыл эки жүз элүүдөй дипломат чакырылган.

Мурунку жылдары Путин айтып келе жаткандай, бул жолу Медведев да Европага карата кайрылуу жасап, ал жерде арадагы мамилени саясатташтырбоо керек деген.

Элчилерин тайманбай иш алып буруга чакырган Медведев, маселен, «эл аралык укукту эске албай, бир өлкө же бир үйүрдөгү өлкөлөр кызыкчылыгы үчүн аракет кылуучулукка «жалтанбай» сокку ургула»,- деп айткан. Ичи оору болгон маселелер катары Косовонун мамлекеттик түзүлүшкө ээ болуп кетиши жана Кошмо Штаттардын абадан ракета менен кол салууга каршы системасын Чехия менен Польшага жайгаштырууга кам көрүп жатышы көрсөтүлгөн.
НАТОну ачык атабаса да ал туурасында, андай «саясий топторго» каршы экенин билдирип, андай топтор азыркы тушта эч кимге кедерги болуп бере албасын айткан. Дмитрий Медведев буларды айтат:

- Дүйнө кансыз согуштан арылса да эмдигиче жаңы теңдештигин таба элек. Ал тургай барган сайын маселени күчкө салып чечүүгө карай кынтаюу артып барат.

Серепчилер болсо Орусияда эми идеология ордун геосаясат басарын айтышат. Бул өлкө түзө баштаган эл аралык алаканын негизи идеологиядан сырткары болот дешет. XXI кылымда энергия кубатын өндүрүүчү отун колунда турган өлкө үчүн ушундай саясат жүргүзүүгө жол ачылды дешет.

Саясатчы Фёдор Лукьянов «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде, Путин бийликте турган кезде Орусия тышкы саясатында чындап эле бир топ ийгиликке жетишкенин белгилейт. Ошол себептен Маскөө эл аралык саясатын идеологиясынын агы-көгүнө карабай, баарыдан мурда ишкердүүлүккө карап жүргүзчү болот дейт. Мындан 5, 10 жыл мурда АКШ же Евробиримдиги идеологияга карап алака түзсө, эми ал жок дейт. Демократияны жайылтууга карай алган багыт азыр суу кечпей калганын айтат. “Ошондуктан Орусия тышкы саясатын геосаясий апсап жардамы астында жүргүзгөнгө өтөт дейт”,- Фёдор Лукьянов:

- Мурдагы советтик өлкөлөргө карата Орусиянын алакасы мындан ары идеологиялык жолдо эмес, саясий, андан да так айтканда, геосаясий жолдо өнүгөт.

Президент жаcаган докладда, «Коммерсант» көрсөткөндөй, КМШ жаатынан төрт гана мамекет: ЕврАзЭС мүчөлөрү катары Казакстан менен Беларус жакшы кошуналар, ал эми Украина менен Грузия – НАТОго карай умтулушкан жаман кошуналар катары мүнөздөлгөн. Дмитрий Медведев чукулк арада чет өлкөлөргө, баарыдан мурда КМШ жаатына карата болгон саясатта Орусиялык дипломатия уттуруп койгондугуна көңүл бурдурткан.

Бул жолу да Кремль кожоюну элчилерин «агрессивдүү» ишкердик жүргүзүүгө үндөгөн: «Бидзи ал жактардан АКШ сыяктуу ал аймактык эмес оюнчулар сүрүп таштабышы үчүн активдүү жана өз жемин жедирбегидей болушубуз керек».

Өлкөнүн тышкы саясатынын негизин түшүнүүнүн “медведевдик” бир өзгөчөлүгү - аны турмушка ашыруу милдетинин өкмөткө жүктөлүшү болгон. Ошондон улам «Коммерсант»: «Мурда 8 жыл удаа тышкы саясаттын негизин чечмелөө астына Путин кол коюп турганда, тышкы саясатка өкмөттүн кандайдыр бир тийиштиги бар экени эч убакта айтылчу эмес»,- деп жазат. Эми бул жагдай тышкы саясаттын да Путиндин колуна өтүп атышынан кабар берет деп айтылат.
XS
SM
MD
LG