Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:28

Т.АКУН: АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУНУН АБРОЮН КӨТӨРҮҮГӨ АРАКЕТ КЫЛЫП ЖАТАБЫЗ


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Ушул тапта Нарында укук коргоочулардын чоң жыйыны башталып жатат. Анда карала турган маселелер, кайсы проблемаларга басым жасала тургандыгы тууралуу Акыйкатчы Турсунбек Акун кабарчыбыздын суроолоруна жооп берди.

- Саламатсызбы, алгач Нарында боло турган укук коргоочулардын жыйыны тууралуу айтсаңыз?

- Эң биринчи “Акыйкатчы” институтунун акыркы убактардагы аракети жөнүндө элдин арасында сөз болуп жатат. Анын аброюн көтөрүү боюнча чоң маселе коюп жатабыз. Ушундай жыйындарды жалгыз эле Бишкекте өткөрбөстөн башка региондорго да адам укуктары боюнча конференцияларды өткөрөлү деп чечтик. Эң биринчи Нарындан баштаганы турабыз. Андан соң Жалал-Абат жана Ошто өткөрөбүз. Эң биринчи карала турган маселе, бул - “Акыйкатчы” институту деген эмне? Ал кандай маселелерди алдына коёт? Түшүп кеткен “Акыйкатчы” институтунун аброюн канткенде көтөрө алабыз? “Акыйкатчы” институту адам укугун коргоо багытында беш жылдын ичинде кандай иш-чараларды алып бара алат, деген сыяктуу маселелер коюлат. Ошондой эле Нарын облусундагы адам укугунун абалы талкууланат.

- Турсунбек мырза, адам укуктары боюнча буга чейин ар кандай иш-чараларды өткөрүп келдиңиздер эле. Эми республикалык деңгээлде дагы жыйын өткөнү турат. Мындай иш-чараларда талкууланган маселелер кандай жыйынтыкта болду?

- Жыйынтык деген ачык болуп жатат. Мына, Бишкек шаардык кеңешинин токтомун алып салуу боюнча канчалаган чогулуштарды өткөрдүк, маалымат жыйындарды бердик, кайрылууларды кылдык. Акыры Конституциялык соттун аркасы менен жокко чыгарып салдык. Эми мына президентке кайрылып жатабыз. Исхак Масалиевдин сунушу боюнча кол койбоо боюнча. Бул дагы жыйынтыгын берет деген чоң үмүттөбүз.

- Бул маселе конференцияда талкууланышы каралып жатабы?

- Каралат. Албетте, конференциянын атынан президентке кайрылуу жасап жатабыз. Көтөргөн маселелердин бардыгынын жыйынтыгы болуп жатат. Ошондуктан биз иш-чараны өткөрүп жатабыз.

- КМШ мамлекеттеринин ичинен Кыргызстанда укук коргоо жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдар өзгөчө көп экен. Бирок коомчулукка беш-алты гана уюм иш алып барып жатканы көрүнүп турат. Ал эми калган уюмдар тууралуу коомчулукта эч кандай маалымат жок. Укук коргоо органдарын теске салуу боюнча “Акыйкатчы” институту кандай чараларды көрөт?

- “Акыйкатчы” институту бул маселе боюнча жазалоочу орган болгону туура эмес. Бизде коомдук бирикмелер жөнүндө мыйзам бар. Өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө, коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзам бар. Ошол мыйзамдардын негизинде иш алып барыш керек. Мисалы, канчалаган уюмдар катталган адам укугу боюнча. Бирок иш алып барып жатканы, көзгө көрүнгөнү беш-алты гана уюм бар. Биз бул боюнча андай-мындай дей албайбыз. Мунун баарын Адилет министрлиги, мамлекет тейлеш керек. Ал эми “Акыйкатчы” институту болсо кимде ким адам укугун коргоп, аракет кылган коомдук уюмдар менен кызматташат. Эгер начар иштесе аларга өзүнүн пикирин айтат.

- Мен укук коргоочумун дегендер да көбүйүп кеткенсийт. Алардын юридикалык билими болсо эле алар өзүн укук коргоочу деп айта алышыбы? Дегеле ушул маселеге сиз кандай көз караштасыз?

- Ачыгын айтсам 1990-жылдары декабрь айыларында биз КДКны баштаганда бир эле укук коргоочу бар болчу. Биз жаңы эле ишти баштаганбыз. Анан жамгырдан кийинки козу карындай жайнап чыкты. Анткени, чет мамлекеттерден адам укугуна көбүрөөк грант беришет башка долбоорлорго караганда. Ошондуктан адам укугу жөнүндө идеяны көтөрбөстөн, анын акчасына карап укук коргоочу болгондор көбөйүп жатат. Менимче Азиза Абдырасулова, Төлөйкан Исмаилова, Назгүл Турдубекова сыяктуу чыныгы укук коргоочулар грант алса дагы, долбоор менен иштесе да адам укугунун багытында жакшы, көп иштерди жасап жатышат. Кээ бирлери акча алып коюп, жылына аз эле иштерди аткарып жатышат. Бул жакшы эмес.

- Бул маселе сиздер тараптан көзөмөлгө алынабы. Кандайдыр бир сунуштарды бересиздерби?

- Биз көзөмөлгө ала албайбыз жана тескей албайбыз. Бирок ал уюмдар боюнча өз пикирибизди айтканга акыбыз бар. Сындап, сунуштарды киргизгенге акыбыз бар. Менимче адам укугу багытында беш-алты уюм бар биз менен кызматташып жаткан. Ошол уюмдар менен кызматташыбыз. Ал эми башка уюмдар болсо формалдуу гана түрдө иштешет. Аларды эч ким да сыйлабайт. Эл дагы тааныбайт.

- Башкача айтканда гранттын артынан гана түшүп алгандар бар турбайбы?

- Ооба. Гранттын артынан түшүп алгандар бар. Бул туура эмес. Мисалы, Азиза Абдырасулова, Төлөйкан Исмаиловага окшогон укук коргоочулар ден-соолуктарына карабай, жер-жерлердин баарын кыдырып иштеп жүрүшөт. Ал эми башкалар кеңселеринде отуруп алып, компьютер, интернет менен бардык нерсени жасап жатат. Бул туура эмес.

- Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG