Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:36

Жанарбек Акаев, Ош Учурда Кыргызстандын көптөгөн Жогорку окуу жайларында абитуриенттерди кабыл алуу жараяны жүрүп жатат. Кабыл алууда азыр абитуренттин улуттук тестирлөөдөн канчалык упай алганы анча мааниге ээ эместей. Ош шаарындагы жогорку окуу жайларда абитуриенттердин алган упайына карабай туруп, адегенде эле окууга өткөрүү үчүн пара берүү күчөп жатканы байкалууда.

Алгач абитуренттер бюджеттик негизде окууга өтүү үчүн ат салышып, анын жыйынтыгы 13-июлда маалым болоору айтылган эле. Бирок алыстан баласын окууга өткөрүү ниетинде алып келген ата-энелерден «чү» дегенде эле пара сурагандар көбөйүп, жыйынтыгы чыкканга чейин эле “балаңызды окууга өткөрөм” дегендердин ишенимдүү түрү таң калтырууда.

Элиза менен Сайкал орто мектептен тарта экзаменге катуу даярданып, жогорку окуу жайында окууну кыялданып келишкен эле.

- Мен «Дизайн жана архитектура факультетине, а Сайкал чет тилдер факультетине тапшырайын дегенбиз. Ачык эле акчасын сурашат экен. Ата-энелерибизден сурап жатышат. Ата-энелерибиз алардан кантип өтсө болот деп сурашса, алар “контракттык негизде да окууга шапкасы менен өтөсүңөр” дешкен экен. Мен 5 жылдан бери бюджетке окуйм деп ойлоп жүргөм, керек болсо контрак боюнча окууга өтүү үчүн да акча бересиң деп өздөрү сурап жатышат. Азыртадан эле коррупция башталып жатат, студент болгондо кандай болот, билбейм, экзамендерде аябай эле жогорулап кетет окшойт», - деп кабатырланып жатышат.

Бирок көпчүлүк ата-энелердин аң-сезиминде баары бир акча менен окууга өткөрөбүз деген ой калыптанып калгандай. Алыскы Кара-Кулжа районунан келген Алымбек ата, баласын окууга өткөрүү үчүн жетээрлик акча алып келгенин айтты.

- Атым Алымбек, Кара-Кулжадан баламы окутайын деп келдим, балам өзү мектепте жакшы эле окуган. Элдер акча берсе, биз дагы беребиз. Мына жерде ата-энелер жүрүшпөйбү, алардан биз кембизби?

Анткен менен баласынын алган упайына ишенип келген ата-энелер, төмөн упай алган абитуренттер пара берүү жолу менен окууга өтүп кетсе, анда өз күчү, мээнети менен жогорку упай алгандарга чоң кедергиси тийиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Нааразы болгон ата-энелер “Азаттыкка” буларды айтышты.

- Мен карындашымды дүйнөлүк тилдер факультетине окутайын деп алып келгем. Биз талон таштадык, бирок жыйынтыгы чыга электе эле “акча бердик” деп жатышкан. Анан биз корко баштаганда эле комиссиянын мүчөлөрү “акча бербесеңер болбойт” деп калышты.

- Мен кызымды жөн эле окууга өткөрөм деп келгем, бирок бул жердегилерге ишенич да кете баштады. Мен контрак бөлүмүнө өтөбү десем аны дагы “сүйлөшүш” керек дешип, “шапкесин” бересиң дегендей кылышты. Канча десем 5 000 ашыгыраак дешти.

Ош мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Идирис Кенжаев мындай көрүнүштү ортодогу шылуундар жасап жатканын айтат.

- Абитуриенттерди кабыл алуу жараянын таза жүргүзгөнгө колдон келген аракетибизди жумшап жатабыз. Тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүн чакырдык, финполициядан жана башкадан келип, ачык-айкын өтсүн, жардам бергиле деп сурандык. Кээ бир таза эмес, шылуун адамдар бар экен. Айылдан келген ата-энелерди карап туруп, сода-сатык жүргүзгөн учуру болушу мүмкүн Азыр биз кабыл алуу комиссиясы ошолорду аныктоо үчүн эл менен иштеп жатабыз.

Жергиликтүү байкоочулар мындай кырдаалда эч кандай бейөкмөт уюмдардан, өкмөт тараптан да паракорлукка каршы күрөш болбой жатканын айтышууда. Студенттердин укугун коргоо жана паракорлукка каршы күрөшүү максатында түзүгөн «Академиялык чындык» борборунун мүчөсү Эрнис Толтоев паракорлукка каршы күрөш тууралуу буларга токтолду.

- Бул “Академиялык чындык” борбору өзү атайын долбоордун негизинде ачылган, бирок ал, тилекке каршы, жакшы жемишин бере албады. Себеби каржылык жактан эч кандай колдоо көрсөтүлгөн жок. Ошондуктан бизге мүчө болгон адамдардын көбү арабыздан кетип калышты. Азыр «Академиялык чындыктын» аты эле болбосо, эч кандай иш жүргүзүлбөй жатат, - дейт Эрнис Толтоев.

Жергиликтүү талдоочу Айбек Исаев, көпчүлүк учурда мындай көрүнүшкө ата-энелер өздөрү жол ачып жатышканын айтып, пара бермей быйылкы кабыл алуу экзаменинде көбүрөөк байкалып жатканын белгиледи. Буга тез аранын ичинде коомдук комиссия түзбөсө, окуудагы паракорлуктан айрылууга мүмкүн эмес, деп эсептейт Исаев.

- Айрыкча айылдан келген ата-энелер тааныш издеп, илгерки калыптанып калган сатты колдонуп жатышат. Окууга тапшырган абитуренттер - Кыргызстандын эртеңки келечеги. Ошондуктан, буга этияттык менен мамиле жасап, чукул арада коомдук комиссия түзүп көзөмөлгө алуу иштерин жүргүзбөсө болбойт.

Ошентип, жогорку окуу жайларына кабыл алуунун биринчи айлампасы аяктай элек жатып, «окууга өттүм» деп кубанган бойдон үйүнө жөнөгөн абитуренттердин саны арбып баратат. Мындай көрүнүш соңку бир топ жылдардан бери уланып келатат. “Академиялык паракорлук” канчалык жайылбасын, ал боюнча кармалып, жазасын алган “амалкөйлөр” тууралуу дээрлик айтыла элек.
XS
SM
MD
LG