Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:24

14:00 Сулайман-Тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий жана табийгий мурастар тизмесине кирүү алдында турат


Бул Кыргызстандагы обьектин биринчи жолу ЮНЕСКОнун тизмесине кирүүсү болуп калмакчы. ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк Мурас Комитетинин Канаданын Квебек шаарында болгон 32 сессиясында Сулайман Тоону тизмеге кабыл алуу жактырылды. Эми 2009-жылы Испанияда боло турган жыйында акыркы чечим кабыл алыныш керек. Бул тууралуу маданият жана маалымат министри Султан Раев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Кыргызстан ошондой эле Бурана, Өзгөн, Саймалуу таш, Шахфазиль, Ысыккөлдү ЮНЕСКОнун тарыхый эстеликтер тизмение киргизүүну сунуштап жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG