Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

19:00 Жалал-Абат облусу жарым жылдын жыйынтыгын чыгарды


Облуста 94 пайыз өнөр жай,105-пайыз айыл чарба өнүмдөрү, 83 пайыз электр энергиясы өндүрүлгөн. Облустун экономикасына үлкөн салым кошоор ири ишканалар, атап айтканда «Макмал алтын» кен комбинатында 47 киллограм алтын аз өндүрүлүп, Терек-Сай кен ылгоо жайында 47 миллион сомдук алтын концентрант кем чыгарылган. Жалал-Абаттагы биргелешкен кыргыз-петролиум компании, Майлуусуудагы электр лампа заводдору өндүрүш көлөмдөрүн кыйла төмөндөтүп, 24 ишкана жарым жыл бою иштебей токтоп турган. 75 миң тонна буудай жыйналганы менен 100 тонна буудай алууга мүмкүн болгон 61 гектар аянт өрттөнгөн. Жаңгактын маңызы менен адыр жемишин өтө арзан баада сатып алган түрк фирмалары аларды ушул жерде кутуга салуу талабын аткарбай, адыр жемишин Германияда 12 евродон сатканы тууралуу маалыматтар бар. Мындай маалыматтарды губернатордун орун басары Айбек Акбаров жасады. Жыйынга катышкан каржы министри Тажикан Калимбетова эмитен кышка камынууга чакырды. (YA)

XS
SM
MD
LG