Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

Бозулан кезинен тартып атасы Чоробай Темировдун ырчылык, обончулук, комузчулук өнөрүн улап, жарык дүйнөдөн көзү өткөнгө чейин ыр ырдоого, обон, күү чыгарууга бүтүндөй күлгүндөй өмүрүн арнап, калктын кастарына алынып келген Жоломан Чоробаевдин бүгүнкү күндө музыкалык чөйрөдө ысымы аталбай, эстен чыгып эстелбей, эскерилбей калган тагдыры, өмүрү жана чыгармачылыгы кейитпей койбойт.

Көгүлтүр килем талаасы,
Элимдин тунук санаасы,
Аксай, Арпа, Арашан,
Жаныма кубат абасы,
Токою, тоосу көк жашыл болгон,
Ат-Башым бакыт калаасы.

Эл артисти, обончу Калыйбек Тагаевдин “Ат-Башым” аттуу ырында ырдалган аскасы асман тиреген ак мөнгүлүү Теңир тоонун, күркүрөп күү чала аккан Ат-Башы, Кара-Коюн суулары, көргөндү өзүнө тарткан токойлору, жанга кубат берген таза абасы менен Ат-Башы бакыттын гана калаасы аталбастан, абалтан эле ар кыл шыктагы алп таланттардын да бешиги болгон жана болуп келүүдө. Алсак, айтылуу обончу, акын Боогачынын, атактуу казалчы Казыбектин, залкар обончулар Чоробай Темировдун, Жумамүдүн Шералиевдин жолдорун жолдогон көрүнүктүү обончулар Жоломан Чоробаевдин, Калыйбек Тагаевдин, Жолдубай Кайыповдун, Черикчи Бакасовдун ысымдары да бүгүнкү күндө сыймыктануу менен айтылат.

Ошондой эле угуучу-көрүүчүлөр, окурмандар эл артисттери Сейитказы Андабеков, Гүлсара Ажыбекова баштаган республиканын эмгек сиңирген артисттери Койсун Карасартованын, Майрам Дүйшөкееванын, дирижер Рахатбек Осмоналиевдин, белгилүү ырчы Токтобек Асаналиевдин, таанымал комузчу, обончу, дирижер, республиканын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Төлөгөн Томотоевдин, эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин ж.б. шайырлардын таланттарына да таазим этишүүдө.

Таанымал обончу, белгилүү комузчу Жоломан 1925-жылы Атбашынын Башкайыңды айылында жарык дүйнөгө келет. 1994-жылы “Изат” чакан ишканасынан басылып чыккан “Обончу Жоломан Чоробаев” деген ырлар жыйнагын түзгөн жана бет ачарын жазган акын Аруун Аманбаевге Жоломан балалык чагы тууралуу мындай деген:

- Атам өтө шайыр киши эле, мени беш-алты жашымдан эле ээрчитип, өзү менен кошо ала жүрүп ырдатууну жакшы көрүүчү, көбүнчө атам комузду кол ойнотуп чертчү. Ага таңгалуучумун. Анан “Жаныш Байыш”, “Курманбек”, “Манас” дастандарын комуздун коштоосунда айтуучу. Айылдагылар жайдын күнү айрыкча ырахатка батышчу. Энем Сейдене да комуз чертүүчү. Көбүнчө атам жокто мага комузду мындай черт, бул жериң туура эмес, тигил кылды бек бас, ортоңку кылды көп баспа” деп айта берүүчү. Атам үйгө келгенде да экөөлөп комузду черттирчү. Туура эмес чертсем, мени тыңшатып коюп өздөрү чертип берүүчү. Ошентип мен 11 жашымда эле комузду жакшы чертип калдым.

Жоломан айрыкча атасынын “Гүлкайым” аттуу ырын оозунан түшүрбөй жантыгынан жата калып ырдайт. Жоломандын кырчындай солкулдаган курагы каргашалуу Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарына туура келет. Ал 17 жашында “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” деп, комузу менен кошо согушка аттанат. Жапондор менен салгылашат. Жан, кан деп мөндүрдөй сабалап учкан октун, өрттүн арасында жүрсө да бир паска тыным боло калганда жоокерлерди жеңишке, эрдикке чакырган, акын Жоомарт Бөлөкбаевдин сөзүнө чыгарган “Ажал менен арнамыс”, “Акинай берчи колуңду” шекилдүү ырларды аткарат.

“Акинай берчи колуңду”
Сөзү А.Аманбаевдики. Обону Ж.Чоробаевдики

Көгүлтүр кана көлдөй ээ мелтиреп,
Жалжылдай кана айнек ай көздөрүң.
Көңүлүмө ай кадалат анда
Жагымдуу айткан ээ ий сөздөрүң.

Жүрөгүмдү толкутат,
Жарашыктуу мүнөзүң.
Жагалданып кулпурат,
Күлгүндөй жаштык элесиң.

Эмгекте иште жүрсөң да
Акиним ойдон кетпеген
Жалындайт элем ар убак,
Сени менен бирге иштесем.

Бирге иштеп бир жүрсөк
Деп толуктап оюмду
Ардактап, сыйлап жүрөйүн,
Акинай берчи колуңду.

Жоломан душмандар менен салгылашып жүрүп, 1945-жылы Улуу жеңиш менен айлына аман-эсен кайтып келет. Бала чагынан ыр менен күүнүн казанында кайнап өскөн Жоломан өсүп өнгөн жерине келери менен бекер жүрбөстөн иштөө үчүн райондук маданият үйүнө кайрылат. Ошол мезгилдеги маданият үйүнүн көркөм жетекчиси обончу-ырчы Жүмамүдүн Шералиев менен таанышат. Ал учурду Жумакем (Жумамүдүн) кезектеги бир жолугушуумда минтип эскерген:

- Бир күнү иште отурсам жоокердин киймин кийген орто бойлуу, кара тору жигит кирип келди. Саламдаштык. Ал акыбалды сураштык. Тааныша келсем Жоломан төрт тарабы төп келген элдик шайыр Чоробай Темировдун уулу экен. Маркум Чоробай ырчы десең ырчы, дастанчы десең дастанчы, комузчу десең комузчу, акын десең акын болчу. Чоробайдын өнөрү менен Атбашы, Нарын эле эли эмес, Москванын бейтааныш угуучулары да таанышкан. Ал 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун биринчи күндүгүнө катышкан. Мына эми Чокемдин уулу менен таанышып отурам. Жоломанды ырдатып, комуз черттирип көрдүм. Мага аябай жакты. Ишке алдым. Ошентип бирге иштеше баштадым. Жоломандын ырларынын, обондорунун элдиктүүлүгү, мукамдуулугу менен эл арасына кеңири тарап кетти. Жөнөкөй эле ыр сүйүүчүлөр эмес, мен да Жоломандын “Гүл” аттуу ырын ырдап жүрөм. Жоломандын чыгарган обондору менин обондорум менен үндөшүп турат. Ошон үчүн Жоломанды бир чети шакиртим деп эсептейм.

“Гүл”
Сөзү, обону Ж.Чоробаевдики

Карайсың гана тиктеп жалжылдап,
Кара көз ичти гана жандырат
Кызыктуу гана айдын нурундай
Кыпкызыл гана жүзүң албырат.

Эзилип гана сырды чечкен күн
Эсимден гана кетпейт айлуу түн
Эндиктей гана бетиң нурланчу
Эркемсиң гана сен бир кызыл гүл

1957-жыл. Бишкек шаары. Кыргыздын опера жана балет театрынын концерттик залы. Республикалык эл шайырларынын тунгуч фестивалынын катышуучуларынын концерти жүрүп жатты. Ар кандай курактагы, ар кандай шыктагы шайырлар биринен сала бири сахнага чыгып, өнөрлөрүн тартуулап, ырахатка бөлөөдө. Кезек атбашылык Жоломан Чоробаевге да келип жетти. Ал өзүнүн “Билип кой” аттуу ырын мындайча ырдай баштаган эле.

Автордун жалбырттай жана ырдаган ыры угуучулардын жүрөктөрүнөн түнөк таап, дүркүрөгөн кол чабуулар менен алкоого алынат. Калыстар тобунун чечими менен Жоломандын төшүнө лауреаттык төш белги тагылды.

Жоломан Кыргызстанды, элди, жерди, эмгекти даңктаган ырлар менен бирге улан, кыздардын махабаттарын баяндаган ондогон ашыктык ырларды чыгарат. Айрыкча, автордун “Күжүрмөн селкиге”, “Көл болсо”, “Жаштар ыры”, “Сүйгөнүм сенсиң”, “Караба”, “Курбума”, “Өзүң менен саякатка бир барсам” аттуу ж.б. ырларын угуучулар ооздорунан түшүрүшпөй ырдашат. Өзгөчө, Жоломандын акын Совет Урманбетовдун “Көл болсо” аттуу ырына чыгарган мукамдуу ыргактарга бай ыры Кыргызстандын төрт бурчуна элдик ыр шекилдүү тарайт.

“Көл болсо”
Сөзү С.Урманбетовдуку. Обону Ж.Чоробаевдики

Көл болсоң да көл жээгинде мен болсом
Көк көйнөкчөн көлгө түшкөн сен болсоң.
Эрөөн албай жаш балдардай куушуп
Сен жалтанып мен суу чачып ойносом.

Көл болсо да көл жээгинде мен болсом
Көк шиберге ыр кайырган сен болсоң
Көзүң бассам, күзгүбү же тарак деп
Колум кармап, койчу агай деп толгонсоң.

Көл болсо да көл жээгинде мен болсом
Көлдү бойлоп келе жаткан сен болсоң
Койчу, койчу кайсы бирин айтайын
Жүрү ылдам деп ишке бирге ойгонсом.

Жоломан азыркы сиздер уккандай аваздык көп түстүү боекторго, мукамдуу ыргактарга бай нукура элдик обондорду чыгаруу, залкар шайырлардын ырларын ырдоо, күүлөрүн чертүү менен бирге өзү жашаган доордун түркүн салтанаттарын баяндаган күүлөрдү да чыгарат. Автордун азыркы сиздерге сунуштала турган “Жайлоо шаңы” аттуу күүсүндө балалыктын балдай таттуу күндөрүн, жалындаган жаштыгын көркөмү менен көңүлдү толкуткан жайлоодогу элдин салтанатын баяндап черткен.

Ар тараптуу, көп кырдуу, көрүнүктүү шайыр Жоломан көзү өткөнчө 1997-жылга чейин өмүрлүк жубайы Токтогон Акматова менен Атбашы райондук маданият үйүндө көркөм жетекчи болуп иштеди. Музыка, театр дүйнөсүнөн ондогон айылдык жаштардын багын ачты. Жумурай журттун руханий жан дүйнөсүн байытууда зор салым кошкон эле. Бирок убакыт өткөн сайын эмнегедир Жоломандын жаркын элеси жердештери, замандаштары тарабынан эстелбей, эскерилбей келүүдө.
XS
SM
MD
LG