Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

УН-ДАН ТАРТЫШТЫГЫ КООПТОНДУРУУДА


Ырысбай Абдыраимов, Жалал-Абат Жалал-Абат облусу быйыл 43 миң гектардан ашык жерге буудай өстүрүп, ушул күндөрдө талаалардагы эгиндин тең жарымы чаап-жыйналып алынды. Облустук бийлик былтыркыдан быйыл 8 миң гектар жерге дан ашыкча эгилип, 120 миң тонна буудай жыйнап алаарын билдирүүдө. Азырынча 75 миң тоннадан ашык эгин жыйналып алынган. Ошончо жыйналып алынар эгин менен миллионго 20 миң адам жетпей турган облус калкын багууга болобу? Калкты дан азыгы менен толук камсыз кылууга дыйкандар менен коомчулук өкүлдөрү ишенбей жатышат. Эмне үчүн?

Саратан аптабында облустун айыл чарбасына ыңгайлуу аймактарында эгин-чаап жыйноо иши күрдөлдүү журуп жаткан чак. Дыйкандар быйыл 43023 гектар аянтка үрөн сепкен. Расмий маалыматтарга караганда, эгин аянттарынын тең жарымы жыйналып, түшүмдүүлүк былтыркыдан жогору болууда. Айрым айыл өкмөттөр гектарынан 36-38 центнерден түшүм алдык, деп облбийликти ынандырган учурлары жок эмес. “Азаттыкка” берген жообунда губернатор Кошбай Масиров буудай былтыркыдан 8 миң гектарга ашык айдалып, жалпы түшүмдүүлүк 120 миң тоннага жетет деп ишендиргени бар. Ал ортодо губернатордун орун басары Айбек Акбаров жарым жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында 21954 гектар айдалбай калганын билдирди. Анын айтымында, Сузак районунда чыккан өрттөн кыйла түшүм жок болду:

- Өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча иш чара уюштурулбагандыктан Курманбек айыл өкмөтүнөн 21 гектар, Көкарт айыл өкмөтүнөн 41 гектар аянт буудай күйүп кеткен.

Эгиндин көп айдалганын кубаттаган Курманбек айыл өкмөтүнүн тургуну Жолдошалы Биймурзаевдун пикиринде бүгүнкү айлык, пенсия, жөлөк пул менен жашоо мүмкүн эмес. Жамгыр жаабай, убагында суу жетпей, үрөн, күйүүчү май, техника, жер семирткичтер кымбат болгондуктан тоолуу, айыл-кыштак элинин эгин өстүрүүгө жасаган мээнети акталбай калуусу ыктымал:

- Буудайдын бою өспөй бир карыштан саал өтүп эле баш алып алган. Күндүн ысыгы уруп кеткен. Былтыр көп жер айдалбай калган. Дары кымбат болуп жатат. Аны алып сээп, айдатып, күйүүчү май да кымбат. Айла жок оруп алат бирок актабай калат. Солук басып кеткен. Ошол солук басып кеткендиктен айдабай койгом.

Эгиндин өрттөлүшүнө губернатордун 1-орун басары Жаныш Курбановдун айтымында, кургакчылык менен күндүн өтө ысыганы жана комбайндан чыккан учкун менен эгин аянтына ташталган тамеки себепчи. Мындан ары техникалык коопсуздугун сактабаган техникалар эгин аянттарына киргизилбейт, -деп жооп узатты Жаныш Курбанов:

- Азыркы мезгилге орулган ошол жердеги буудайлардын 20 центнеринен 35 центнерге чейин буудай түшүп жатат.

Райондун акими Жусупбек Максүталиев буудай болбой калган эки миң гектар жерди комиссия изилдеп атканын билдирген. Жыйналып алынган дан азыктары менен миллионго чамалаш калктын жеткилең түрдө камсыз болушуна саясий-экономикалык талдоочулар да ишенбейт. Алардын өкүлү Анархан Жаныбаеванын көз карашында адыр этектериндеги жана көптөгөн үлүш аянттар айдалбай калган. Себеби ишке жарактуу жаштар күздө ун-дан сатып беребиз деп иш издеп Орусия, Казакстан өңдүү өлкөлөргө кетишкен-дейт Анархан Жаныбаева:

- Акимдер, айыл өкмөттөр айдап жатабыз, жерлер бош калган жок деп айтып жатышат. Бирок, аларды мен толук колдой албайм. Себеби, көпчүлүк үлүш жерлер айдалбай, бош, кысыр калып калды. Буга каражаттын жетишсиздиги жана аларды караган адам ресурсунун жоктугунун бирден бир себеп болуп калды. Ошол себептен азык-түлүк коопсуздугу деген нерсе бизде да болушу ыктымал. Дүйнөлүк рынокто буудайдын баасы көтөрүлүп жаткандыктан биздин облуска жана жалпы эле Кыргызстанга таасирин тийгизет.

XS
SM
MD
LG