Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

ТҮШТҮКТӨ ЭПИЗОТИКАЛЫК АБАЛ КУРЧ БОЙДОН КАЛУУДА


“Кыргызстандын түштүгүндө эпизотикалык абал курч бойдон калууда” деп коңгуроо какты Оштогу жыйында республикалык ветеринария департаментинин директору Калыс Жумаканов. Чогулуш соңунда кырдаалды жөнгө салууга жарабаган бир катар жергиликтүү жетекчилер кызматынан айрылды.

Республикалык ветеринария департаментинин директору Калыс Жумакановдун белгилөөсүнө караганда, Кыргызстандын түштүгүндө эпизотикалык абал курч бойдон калууда.

- 2003-жылы 82 очок болсо, азыр алты айдын ичинде 164 очок катталып отурат. Анын 127и кутурма болуп жатат. 90 % түштүк регионунда болуп жатат. Болгон очоктордун баарын каттап, жылына эки жолу дезинфекция иштерин жүргүзүш керек. Эгерде муну изилдебей, көбөйтүп алсак иш чатак болот. Мал жайытка толду деп бүт республиканын чоңдору сүйүнүп жатат. Эртең алардын баары элге атылган ок болот. Көзгө көрүнбөгөн вирустар, микробдор элге жайылат.

Медицинада сибирь жарасы, эл арасында күйдүргү аталган дарттын очогу эң көп катталган Өзгөндөгү акыбал туурасында райондун башкы ветеринардык дарыгери Аскар Өмүрзаков буларды маалымдады.

- 146 сибирь жарасынын очогунун 101и табылган. Анын 70и атайын текшерүүдөн өтүп, ветеринардык дарыгерлердин көзөмөлүндө турат.

Кара-Кулжада күйдүргү боюнча план ашыгы менен аткарылгандыгын райондун башкы ветеринардык дарыгери Медет Баатыров баса айтып, Ажике өрөөнүндө ветеринарлар жетишпегендиктен, жугуштуу дарт көбөйгөндүгүн моюндады.

- Чындыгында райондо сибирь жарасы боюнча планды ашыгы менен аткарганбыз. Кара-Кулжа району Ажыке зонасына малдар көп барат. Ал жерде ветеринардык адистер жетишпейт.

Жыйындын акырында эпизотикалык кырдаалды басаңдатууга умтулбастан, тескерисинче, ырбатууга ыңгай жараткан Түштүк аймактык, ошондой эле Араван, Каракулжа, Өзгөн райондук ветеринария башкармалыктарынын жетекчилери кызматынан бошотулуп, дагы бир тобуна сөгүш жарыяланды. Жумушунан жаңы эле алынган Араван районунун башкы ветеринардык дарыгери Абдыракман Динисламов жыйындын чечимине макул эместигин айтты:

- Мен бул маселе боюнча макул эмесмин. Себеби, булардын кандай маселе карашын да билгенибиз жок. Кандай токтом чыкканын да билген жокпуз. Булар болжолдуу барып биздин айыпты моюнга коюп анан кийин бошотуш керек эле. Сибирь жарасы күмөндүү болуп турат. Аны лаборатория тастыктаган жок.

Ветеринария департаментинин директору Калыс Жумаканов айрым кесиптештеринин жумуштан бошотулушун негиздүү деп билдирип, буларды кошумчалады.

- Ветеринардык кызмат жетишпейт. Менчик ветеринардык иштер өнүкпөй жатат. Анын үстүнө биздин облустук мамлекеттик ветеринардык башкармалыктын баары мындан үч жыл мурун жоюлуп кеткен. Анын баарын калыбына келтирип жатабыз. Чоң реформа жүргүзүп жатабыз. Ошол реформанын натыйжасында мен ойлоп турам жакынкы эки-үч жылдын ичинде оңолот.

XS
SM
MD
LG