Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

БЕЙӨКМӨТ УЮМДУН ЖЫЙЫНЫ ЧЫР МЕНЕН КОШТОЛДУ


Оштогу Коомдук кыймыл аталган бейөкмөт уюмдун экинчи конференциясы чыр менен коштолду. Делегат эмес айрым аялдар жана эркектер тобу жаңжал уюштуруп, иш-чараны үзгүлтүккө учуратууга аракеттеништи.

Коомдук кыймылдын 2-конференциясы Ош шаарындагы «Жетитүс» фирмасынын жыйындар залына белгиленген. Саат 11.00 чамасында капысынан пайда болгон аялдар жана жигиттер тобу ичкериге делегаттар, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү гана кирет деген жарыяга карабай эшикти тепкилеп, күзөтчүлөрдү чекеге сүрүп ташташты.

Бейтааныш кишилердин кагуусун жеген Коомдук кыймылдын төрагасынын орун басары, мурунку президент Акаевди колдогон «Элим үчүн, элим менен!» фондунун директору Аманбай Сатибаев:

-Азыр провокаторлор, 9-бөлүм элин атканга даяр.

Конференцияны ачкан Коомдук кыймылдын лидери Абдыкайым Кангелдиев бул жолу өлкөдөгү коомдук-саясий абал талкууланып, пикирлерин айтуу үчүн баарына сөз берилээрин эскертип, өзү кыскача төмөнкүлөргө токтолду:

- Кымбатчылыктын натыйжасынан ачарчылык келип чыгышы мүмкүн. Кыргызстанда деле эмес, Орто Азияда да, бүт дүйнөдө кымбатчылык болуп жатат. Бирок мамлекеттер аралык кымбатчылыктын өсүү темптерин салыштырганда Кыргызстан эбегейсиз кымбатчылыкка батып кетти. Статистика боюнча орточо жакшы жашаш үчүн 3600 сом акча керек. Ал эми пенсионерлерибиздин 800-900 сом алган акчасы эмне болот. Кайсы ардагер бүгүн өлбөй жашай алат.

Коомдук кыймылдын төрагасынын орун басары Аманбай Сатибаев энергетикалык коопсуздук жөнүндө кеп козгоп, кымбатчылыкка кептеген өкмөт компенсация төлөөсүн талап кылды.

- Бул атайын суунун чөнтөккө сатылып кеткен жери. Эгер мамлекеттин чөнтөгүнө түшкөн болсо, бүгүнкү күнү аз энергия кеткен жарыкты кымбаттатышы керек эмес да. Тескерисинче, жардам бериш керек болчу.

Бейөкмөт уюм төрагасы Абдыкайым Кангелдиев конференциянын уландысы кийинчерээк болоорун жарыялаганда, баары сыртты карай агылды.
Өзүн өзгөндүк Кайракан Аканова деп тааныштырган аял:

- Ийгилик бар жерде да кемчилик бар. Беш жылдын ичинде Бакиев бар жогун оңдоп кете албайт. Мүмкүн президенттин кол астында иштеп жаткандар туура эмес иштеп жатышкандыр.

Ал эми конференцияга делегат эмес Кара-Суу базарынын директорунун орун басары Базарбай Бейшебаевге микрофон сунганыбызда:

- Элге түшүнбөгөн сөздөрдү айтып, бүдөмүккө салганда, эл бир сүрүлүп кетсе, аны токтотуш кыйын болот. Эл менен ойнобош керек. Эки жээкке отуруп алып айтышканда эч качан өнүкпөйбүз.

Соңку саатта Коомдук кыймылдын лидерлеринин бири Аманбай Сатибаев милиция тарабынан кармалып, иши Ош шаардык сотуна өткөрүлгөндүгү маалым болду.

XS
SM
MD
LG