Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:25

“Азаттыктын» Фарда кызматынын баяндамачысы Хоссеин Ариян Ирандын ядролук программасынын айланасындагы кырдаалга кайрылат. Кошмо Штаттары менен Израиль Иранга кол салышы мүмкүнбү? Ирандын чынында эле андай чабуулга туруштук берүүгө дарамети жетеби? Ушул жааттагы комментарийди Жаңыл Жусубжан даярдады. Анда келтирилген көз караштар Хоссейн Арийяндыкы жана алар сөзсүз эле «Азаттык» радиосунун позициясын чагылдырбайт.

Баяндамачы алды менен буларга токтолду:

- Июндун ортосунда 5+1 тобуна кирген өлкөлөр Бириккен Улуттардын тапшырмасынын негизинде Иран менен бул өлкөнүн талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүү башташты. Алар Иранга бир катар кеңири көлөмдөгү демилгелерди, анын ичинде өлкөнүн жарандык ядролук программасына жардам сунуш этти. Алар буга жооп катары Иран уранды байытуудан баш тартат деп үмүттөнүшүүдө. Иран мындай сунуштарды эки жыл мурда четке каккан болчу. Бирок бул ирет Тегеран ырзырынбай, тескерисинче жылмайып жооп берди.

Ирандын ядролук маселелер боюнча башкы элчиси Саед Жалили 19-июлда Женевада Евросоюздун, АКШнын, Орусия, Кытай, Франция, Германиянын жана Британиянын өкүлдөрү менен жолугушууда. Бирок мындан бир нече күн мурда Иран өзүнүн жаңыланган Шахаб-3 ракетасын сынаган. Кабарларга караганда, ал ракета Ирандын кайнаса каны кошулбас душманы болгон Израилге чейин жете алат.

Баяндамачыга ылайык, бул сынак Ирандын аскердик кубаты көкөлөп кеткендигин деле билдирбейт. Батышты биринчи кезекте Иранда уран байытуунун токтобогондугу, демек өлкө келечекте Шахаб-3 ракетасы үчүн ядролук дүрмөт жасашы мүмкүн экендиги тынчсыздантат.

Сынактын бир максаты Кошмо Штаттарына жана Израилге Иран өзүн өзү коргой ала тургандыгын көрсөтүү болду. Чындыгында да, Ирандын Исламдык Төңкөрүшчүл Гвардиясынын кол башчылары эл алдында АКШ менен Израилди чабал өлкөлөр катары көрсөтүүгө аракеттенип келишет, бирок иш жүзүндө алар бул өлкөлөрдүн чабуулунан чочулашат. Гвардиянын башчысы Жафари июндун этегинде "Жаам-е Жан" гезитине "Иранга кол салуу мүмкүнчүлүгү мурдагыдан бир топ күчтүү" деп айткан. Кол башчылар Ирандын АКШ жана Израил менен кайым айтышуусу чыныгы согушка айланып кетиши мүмкүн экендигин түшүнүшөт. Ошол эле мезгилде Ирандын жарандык жетекчилиги сыяктуу эле генералдар да эл көзүнө АКШ менен Израилдин кысмыгын тоотпогондой болуп көрүнгүлөрү келишет.

Азырынча Тегеран бир четинен уран байытууну улантып, ошол эле мезгилде Батыш менен колдон келишинче кеңири компромиске жетишүүнүн ар кыл айла-амалын кылууда, бирок азырга чейин мындай тактиканын үзүрү боло элек:

- Эң чоңкоркунучтун бири Ирандын жетекчилиги ашыкча кетип калышы мүмкүн, дейт Хосейн Ариян. Ирандык генералдар кесе сүйлөп, президент Ахмединежад уран байытууну улантып, центрифугалардын санын көбөйтө берсе, Кошмо Штаттары менен Израилдин такыр эле айласы кетип, дипломатия стартегиясынан такыр эле баш тартышы да ыктымал.
XS
SM
MD
LG